Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алименттен качкандардын саны 42 миңге жетти

Алименттен качкандардын саны 42 миңге жетти

20-декабрь, 09:30
604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылы Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 42 миң адамга жеткен. Алардын 92% аталар. 

Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салчу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттик угууга чыгарылат. Иш-чара 20-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде болот.

Депутаттар эң аз алименттин көлөмүн 1800 сом кылуу сунушташууда. Учурда айына 200-300 сомдон алимент төлөгөндөр бар.

Буга чейин Жогорку Кеңештин аталган комитетиндеги талкууда жыл сайын ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңдей болуп жатканы белгиленген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1990-жылкы "Алимент жөнүндө" мыйзам иштеп келатат. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер