Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атагы таш жарган, ааламга аты чыккан совет доорунун медиктери

Атагы таш жарган, ааламга аты чыккан совет доорунун медиктери

07-октябрь, 09:58
1 004 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамекендик медицина тарыхына көз чаптыралы. Анын бактылуу жана кайгылуу учурлары көп болгон. Совет доорунун мыкты адистери өз иштерин жогорку деңгээлде өздөштүрүүдө канча машакат тартышканын айтпай тек коёлу. Керек болсо, алар өздөрүн курмандыкка чалууга даяр болгон. Келгиле, ушул улуу дарыгерлердин жетишкендиктерин бир эскерип көрөлү. Биз болгону атагы таш жарып, бүткүл дүйнө жүзүнө ачылыш кылган 10 илимпоз доктурдун тарых таржымалын чымчып өттүк. 

Владимир Петрович Филатов (1875-1956)

Владимир Филатов Украина Республикасында көз оорулары институтун негиздеген. Мыкты хирург, өмүрүнүн акырына чейин илимпоздук ишин таштаган эмес. Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу көзгө ийгиликтүү операция кылган илимпоз адам. Анын “Чел кабык терапиясы”, “Көздүн алмасына жана чел кабыгына операция кылуу”, “Офтальмология клеткалары” аттуу илимий эмгектери бүгүнкү күнгө чейин маңызын жоготкон жок. 

Никита Михайлович Александров (1922-1992)

Никита Александров дүйнөдө биринчи жолу бет түзүлүшкө операция жасоодо жергиликтүү наркозду ойлоп тапканы айтылат. Ал өз убагында жаактарга жана алдыңкы, үстүңкү эриндерге пластикалык операция түшүнүгүн киргизген илимпоз. Бет түзүлүштөгү эттери жылышып кеткен жерлерди кайра калыбына келтирүүдө, симметриялык абалды кармап калууда хирургиялык операциянын жардамы жана ролу тууралуу усулдук окуу куралдарын жазган.

Михаил Иосифович Грошиков (1921-1984)

Профессор Михаил Грошиков адамдардын тиш ооруларын көп изилдеп, анын ичинде дүйнөдө биринчи жолу курт жеген тишти сактап калууда пломбу койгонду ойлоп тапкан адам экен. Эмне үчүн тиш ооруйт (?) жана канткенде анын алдын алса болорун көп изилдеген. Тишти кармап турган бүлөлөрүнө суук тийген учурда кантип дарыласа болорун айтып чыккан.

Леонид Иванович Рогозов (1934-2000)

1959-жылы Леонид Рогозов медицина институтун аяктап, ошол эле жылы Антарктида материгине илимий экспедицияга барчулар менен кошо аттанат. Ал жерде бир жумадан кийин ичи катуу оруп, сокур ичеги экенин билет. Тез арада операция кылуу керектигин жана ал өзүнөн башка эч кимдин колунан келбестигин билип, жанындагы бирөөнүн жардамы менен өзүнө-өзү операция кылган. Бул көрүнүш дүйнөдө биринчи жолу болуп катталган.

Александр Александрович Богомолец (1881-1946)

Александр Богомолец кесиби боюнча патофизиолог болгон. Бул профессор шишиктердин бири-бири менен айкалышуусу тууралуу дүйнөдө ачылыш жасаган экен. Шишиктердин өсүшүн кылдат изилдеп, орус-украина медицинасында, анын ичинде эндокринология, патофизиология, геронтология жаатында көп ачылыштарды жасаганы айтылат. ХХ кылымдын илимпозу атка конгону да бекеринен эмес экен.  

Груня Ефимовна Сухарева (1891-1981)

Аутизм, анын ичинде балдар аутизми жөнүндө адабияттарды тынбай жазган Груня Сухарева дүйнөлүк ачылыш катары бааланат. Психикалык илдеттердин концепциясын, анын эволюциялык жолдорун аныктаган. Сухарева шизофрения илдетинин мыйзам ченемдүү динамикасын мерчемдөөдө негизги агымдарын таап чыккан. Мындайча айтканда, шизофрения илдети аныктамасы ушул аялга тийешелүү делет.

Николай Михайлович Амосов (1913-2002)

Советтик илимпоз, кардиохирург, дүйнөлүк масштабда легенда жараткан Николай Амосов жүрөк оорулары тууралуу илимий китептерди жана жаңы усулдук эмгектерди жараткан адам. Профессор Амосов “Адамдар канткенде саламаттыгын жакшыртат?” аттуу темага көп кайрылган. Биринчи жолу жүрөктүн жасалма кан айлануу жагында, жүрөк клапанынын протезин ойлоп тапканы боюнча тарыхта калган.

Зинаида Виссарионовна Ермольева (1898-1974)

Дүйнөдө биринчи жолу антибиотик пенициллин дарысын ойлоп тапкан адам Зинаида Ермольева болгон. Буга чейинки англо-америкалык илимпоздордун дары-дармегине караганда 1,5 эсеге эффективдүү болгону айтылат. Ушул эле адам шаардык ичүүчү сууну кантип тазартуу, кантип жугушсуздандыруу жагын хлор менен кылса болорун таап чыккан. Биринчи жолу бул метод Улуу Ата мекендик согуш учурунда колдонулуп, эффективдүүлүгү жогору болгон дешет.

Александр Николаевич Бакулев (1890-1967)

Хирург Александр Бакулев СССР боюнча биринчи жолу жүрөк кемтигине операция жасаган адам. Бул адам Улуу Ата мекендик согуш учурунда душмандардан ок жеген солдаттардын жүрөгүнөн жаракат алгандарына ийгиликтүү операция кылып, ок калдыктарын алып чыккан. Бакулев муну менен токтоп калбай, бөйрөккө, кыр аркага жана баш сөөктөргө да операцияларды жасап, медицинага жаңылык киргизген.

Алексей Васильевич Пшеничнов (1900-1975)

Илимпоз Алексей Пшеничновдун ишмердүүлүгү микробиолог-эпидемиолог жаатына байланыштуу. 1942-жылга чейин безгек оорусуна медицинанын алы келбей турган учурда илдетке каршы вакцина ойлоп тапкан. Аз убакыттын ичинде бул вакцина өзүнүн жарамдуулугун мыкты деңгээлде көрсөткөнгө байланыштуу, мамлекеттик деңгээлде өндүрүшкө алынган. Бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн эффективдүүлүгүн жогото элек.


Торгой БЕКМУРАТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер