Ислам Турдиев: “Жакын арада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн машыгуу залын ачабыз”
Өткөн айда Россиянын Казань шаарында “Жеңишке бирге жетебиз” аттуу ураан алдында Даун синдрому бар балдардын атайын олимпиадасы болуп, Кыргызстандан Ислам Турдиев жетектеген команда жалпы жонунан 16 медаль жеңип кайтышкан.
-- Ислам, июль айынын башында Казань шаарынан келдиңер, кепти ушундан баштачы?
-- Россиянын Казань шаарында Даун синдрому бар балдардын “Жеңишке бирге жетебиз” урааны алдында сууда сүзүү боюнча атайын олимпиада мелдеши орун алды. 24-июнда башталып, 30-июнь күнү жыйынтыкталды. Бу жолу Кыргызстандан 5 бала алып барган элем. Алар абдан мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 10 алтын, 2 күмүш, 4 коло медалды багындырышты. Нурак уулу Акназар 50 метрге сүзүү боюнча абсолюттук чемпион наамына татыктуу болду. Былтыр ушундай эле аталышта үч балабыз катышып, 6 медалга татыганбыз. Бир жыл ичинде балдарым кол алдымда чымыркануу менен катуу машыгып, мыкты көрсөткүчтөргө жетише алышты.
-- Даун синдрому бар балдар менен машыккан өтө эле кыйын болсо керек?
-- Ооба, өтө эле кыйын. Алардын интеллектуалдык көрөңгөлөрү бир башкача. Эгер кадимки балдарга бир же эки жолу айтсаң жетиштүү болсо, бул балдарга бери дегенде 10 жолу кайталап айтуу керек болот. А кээ бирлерине 20 жолу айтсаң да эстеп калышпайт. Мындан сырткары, физикалык сапаттары ойдогудай эмес. Антропометрия (адамдын физикалык параметрлери жана өлчөмдөрү) жагы башкача жана кыймыл-аракеттери жай болот. Ошондон улам ар бир балага өз-өзүнчө мамиле кылып, машыгуунун усулдарын өзгөртүп турабыз.
-- Даун синдрому бар балдардын спорттогу келечеги барбы?
-- Албетте, бар. Жылдан жылга эл аралык мелдештерге катышуу менен балдарды шыктандыруу жагы күчөйт. Биз канчалык чет мамлекеттерге чыгып, көп өлкөлөр катышкан кадыр-барктуу турнирлерге барып, чемпиондук наамды көп багынткан сайын, балдардын келечегине жакшы жол чапкан болобуз. Аны менен бирге стипендия алуу жагы каралат.
-- Мындан аркы жеке жашооңдогу, спорттогу пландарыңды айтсаң?
-- Жакынкы арада Даун синдрому бар балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн машыгуу залын ачсакпы деп атабыз. Анткени, кайсы гана чет элдик мелдештерге барбайлы, сураштырып көрсөк, сууда сүзүүдө бассейнден тышкары машыгуу залдары бар экенин угабыз. Азырынча бизде андай жок. Болгону сууда сүзүү менен чектелип калуудабыз.
Блиц-анкета
Жердиги – Бишкек
Жашы – 31
Бою – 173 см
Салмагы – 70 кг
Спорттогу жетишкендиктери – сууда сүзүү боюнча бир нече жолку КР чемпиону
Спорт даражасы – спорт чеберине талапкер
Машыктыруучусу – Андрей Дремин
Эңсеп жеген тамагы – куурулган тоок эти
Бош убактысында – гүл өстүрөт
"Азия Ньюс" гезити