Ширин Айтматова кара пиар жасоо менен акча табабы?
2010-жылы Ширин Айтматова “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп, эмнени кыйратканы эсибизде жок. (Уйку-соонун ортосунда жүргөндөй элес калтырган.) Анан бир топ жыл дайынсыз жоголуп кетип, жакында пайда боло калып, иликтөөчүдөй түр жаратканы, бирок, түпкүрүндө каралоо менен ишмердигин көрсөтө баштады го? Райым Матраимовго ыксыз асылып, шыбап, аялзатынын жандүйнөсүнө жарашпаган “кара магия” менен сүрөттөрдү тарттырып, айтор, кыргыз менталитетине туура келбеген жоруктарды жасаганга үлгүргөн. Жакында туалеттин деңгээлине чейин түшүп кетип, ошол жактан дагы жамандаган сүрөттөрдү чыгарды. Заарасы башына тээп кетпесе, соо киши ушундайга барабы? Ширинка жең ичинен буйрутмаларды аткаруу менен чөнтөгүн кампайтып атышы мүмкүн, туурабы? Адатта, шайлоо жакындаганда каралоо кампаниясын жүргүзүү да өзүнчө “кесипке” айланат эмеспи. Ширин Айтматова бул жагынан убакытты текке кетирбей, активдүүлүгүн көрсөтүп жатканы ушулбу? Баса, “Кыргызстан” партиясы съездин өткөзгөндөн кийин Канатбек Исаевди да шыбаганга жетишпеди беле? Эмесе, кийинки кезек кимге келет?..
Aryba.kg