Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Шахтада каза болгондордун экөө бир туугандар эле
Шахтада каза болгондордун экөө бир туугандар эле
12-декабрь, 10:16


Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында шахтада иштеп жаткан 4 киши газга ууланып каза болду. Көз жумган 4 адамдын экөө бир туугандар болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Алдын ала маалымат боюнча, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен шахтанын 4 жумушчусу ууланып каза тапкан. Алардын эң улуусу 42 жашта, кичүүсү 23 жашта болгон. Ал эми бир туугандар 32 жана 34 жашта экени кабарланды. Каза болгон жарандар Лейлектин Айбийке айылынын жашоочулары болушкан.
"Азия Ньюс" гезити











