Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркектерди зордуктаган маньяк дүйнө коомчулугун таңгалдырды

Эркектерди зордуктаган маньяк дүйнө коомчулугун таңгалдырды

08-январь, 23:29
1 328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Британияда 159 сексуалдык кылмыш, анын ичинде 48 эркекке карата 136 зордуктоо кылган маньяк өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 6-январда Манчестер соту Рейнар Синаганы күнөөлүү деп тапты. Лидс университетинин аспирантурасында окуган түпкү теги индонезиялык Рейнер Синага бар же түнкү клубдардан чыгып бараткан эркектерди алдап үйүнө чакырчу. Ал өзүнүн батирине эркектерди ээрчитип барып, аларга баңгизаты кошулган ичимдиктерди ичирип, андан соң зордуктап, аны видеого тартып алчу.

Полициянын билдиришинче, жок эле дегенде 190 эркек бул 36 жаштагы маньяктын курмандыгы болгону тууралуу далилдер бар. Рейнар Синаганын ысымы соттун чечими чыккандан кийин гана коомчулукка белгилүү болду. Төрагалык кылган судьянын айтымында, Синага сексуалдуу маньяк, ал дайыма коркунуч алып келет. Прокуратуранын билдиришинче, Синага Британиянын укук боюнча тарыхында эң көп сандагы зордуктоо кылмышын кылган. Соттун чечими боюнча Рейнар Синага жок эле дегенде 30 жыл абакта отурушу керек.


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер