Түрмөдөн мунапыска чыккан адам кайра эле зордуктоо менен кармалды
Коңшу Тажикстанда мунапыс менен бошотулган адамдардын 60тан ашыгы эки жумадан кийин кайра кылмышка барган.
Алардын көбү эркиндикке чыгаары менен уурулукка шектелип кармалса, бирөөсү зордуктоо менен камакка алынды.
Кылмыштардын бирөөсүн мунапыс менен абактан чыккан адам эртеси эле жасаган. Вахш районунун тургуну зордуктоо айыбы менен кармалды. «Мунапыс тууралуу» мыйзам ишке ашкандан кийинки эки жуманын ичинде эркиндикке чыккан адамдар тарабынан 50-60 кылмыш жасалды.
Абактан чыккан 300 адамдын көбү «эркиндикке чыккандан кийин оор шарттарга кабылып», өздөрүн «экинчи сорттогу адам катары» сезе тургандыктарын айтышкан.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн абактан чыккандарды жумушка орноштурууга милдеттендирген. Өлкөнүн Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги 2018-жылы 60 миңден ашык адам, анын ичинде абактан чыккандар жумуш менен камсыз болгонун билдирген. Мындан тышкары аларга кичи бизнес ачууга жеңилдетилген насыялар жана эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы үч айдагы жашоосу үчүн 1200 сомониден (120 доллар) бериле турганы айтылган.