Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясаттын азартына баткан Бакыт Сыдыковдун арааны ачылдыбы?

Саясаттын азартына баткан Бакыт Сыдыковдун арааны ачылдыбы?

27-октябрь, 10:00
877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жаңы Кыргызстан” партиясы раматылык Үсөн Сыдыковдуку эле. Аны баласы Бакыт Сыдыков алып чыгып, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосуна агыткандагысыбы? Асыресе, республика боюнча дуулдап эле жатып калышты. “Бийликчил партиялар болбойт” дегендей айтышкан. Бирок “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков саясый оюнчулардын көзүрүнө айланып, шымалана киришкенин кантебиз? Баласы Алымбекти “Жаңы күчтөн” Бишкек шаардык кеңешине кайрадан аттантып отурат. Бул партияны кан төгүп кеткен Курманбек Бакиевдин башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин уулу Куванычбек Конгантиев жетектөөдө. Чырмалышып, жуурулушуп бараткандарын карагылачы? Аталган партиядан эски-жаңы бийликтердин жакындары, көпөстөрдүн балдары мандат үчүн жулунуп чыгышты. Баягы карапайым эл таңгалуу менен карап тургандай. Аталары кыйратпаган эми балдары кыргыз жерин калчашабы?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер