Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн атыларыңды билсең да эртеңки күндөн үмүт үзбө

Бүгүн атыларыңды билсең да эртеңки күндөн үмүт үзбө

20-декабрь, 23:05
2 566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен тирүү турганда үмүтүм үзүлбөйт.

(Антикалык доордогу накыл)


Кимдин ден соолугу болсо, үмүтү бар, кимдин үмүтү болсо, анын баардык нерсеси бар.

(Араб накылы)


Жашоо – бул түбөлүк үмүт. Үмүт үзүлгөн кезде адамдын жер жүзүндө кылар иши калбай калат.

(Д.Волкогонов)


Айыгам деген үмүт – жарым-жартылай айыкканга тете.

(Вольтер)


Үмүт – кедейлердин наны.

(Д.Герберт)


Адам күтүп, үмүт кылып турганда баардык нерсе ишке ашат.

(Б.Дизраэли)


Үмүт – бизге белгилүү дарыгерлердин эң мыктысы.

(А.Дюма-атасы).


Үмүтү жок киши келечекке таандык эмес.

(А.Камю)


Эгер адамдан үмүт менен түштү алып койсо, ал дүйнөдөгү эң бактысыз жандыкка айланат.

(И.Кант)


Үмүт – ойгоо кишилердин түшү.

(Платон)


Узак созулган үмүт бат берилген сюрпризге караганда да таттуурак.

(И.Рихтер)


Адамзаттын бүт данышмандыгы эки нерсеге катылган: күтүү менен үмүткө.

(Александр Дюма (атасы)


Коркконго караганда үмүттөнгөн жакшы.

(Марк Туллий Цицерон)


Коркуу дүйнөгө бийлик жүргүзөт, үмүт болсо сооротот.

(Гастон де Левис)


Үмүт – бакыттын эле бир түрү, балким, бул дүйнөдөгү адам жете ала турган  жападан-жалгыз бакыттыр.

(Сэмюэл Джонсон)


Үмүт якорь сыяктуу: куткарат, бирок, ошол эле учурда кетирбей кармап турат. 

(Ясон Эвангелу)


Мүмкүнчүлүк сиздин эшигиңерди эки ирет кагарына үмүт кылбагыла.

(Н.Шамфор) 


Үмүт – бул эң айласыз абалда күрөшүү жөндөмдүүлүгү.

(Гильберт Честертон)


Адамды картайткан бетиндеги бырыштары эмес, кыял менен үмүттүн жоктугу.

(Хорхе Анхель Ливрага)


Чыдамкайлыктан тажрыйба, тажрыйбадан үмүт жаралат.

(Улук Сенека)


Үмүт – бул Освенцимдин мешиндеги Феникс кушу.

(Давид Ланди)


Күндүн чыкканы – оптимизмге эң сонун шылтоо.

(Сергей Сметанин)


Эгер сен аңга түшүп кетсең мүңкүрөбө. Анткени, бул жактан жол жогоруну көздөй гана кетет.

(Сергей Федин)


Атүгүл өлүм да бизге үмүт тартуулайт... “ушул азап-тозоктордон кутулам го” деп үмүт кыласың.

(Аврелий Марков)


Бакыт издеген киши тирүү, үмүтүн жоготкон киши өлүк.

Үмүтү жок жашоо – үмүтсүз жашоо.

Бүгүн атыларыңды билсең да эртеңкиден үмүт үзбөш керек.

Эгер тиги дүйнөгө барганга кезекте турсаң, үмүттүн артынан тур. Себеби, ал эң акырында өлөт.

(Сергей Федин)


Оптимисттин үмүтү өлсө да кайра тирилет.

(Илья Герчиков)


Эс-тутумубуз картаң, үмүтүбүз жаш болгону жакшы.

(Арсен Юссе)


Күчтүү адам өзүнүн, алсыздар болсо башка бирөөлөрдүн күчүнө ишенет.

(Константин Щемелинин)


Эгер мен жок дегенде бир адамды үмүт кылганга үйрөткөн болсом, демек, бул дүйнөдө бекер жашабаган экенмин.

(Мартин Лютер Кинг)


Үмүт – бул кеме: отургун да каалаган жагыңа жетип ал.

(Осетин макалы)


Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер