Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жалгыз уулум жеңил ойлуу кызды жактырып...”

“Жалгыз уулум жеңил ойлуу кызды жактырып...”

24-август, 18:42
2 582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин атым Махабат. Өзүмдүн жана уулумдун башынан өткөн окуяны айтып берейин. 

Азыр 48 жаштамын, жолдошум жүрөгү кармап каза болуп, жалгыз баламды боорума кысып эле калып калдым. Аябай жакшы жашачубуз. Уулум азыр 21де. Бир күнү “апа, бир нерсе айтайын урушпайсызбы? Бир кызды катуу сүйүп калдым. Тааныштырсамбы дегем, макулсузбу?” деди. “Алып кел мен бошогон күнү, макул эмей эмне, келиндүү болот турбаймынбы” деп сүйүнүп, жумуштан суранып алып аябай даярдандым. Ал кыз сулуу, бирок уялбаган неме экен. Өзү билип, биздин үйдү аралап жүрдү. Жаңы чайга отурганда эле “заказчик” деп бирөө чалды. “Макул, азыр барам” деп өчүрүп койду. “Мени жумушка чакырып атат, мейли кетейин” деп шашкалактап калды. Мындай көрүнүш бир нече ирет кайталанды. “Бул кыз кайда иштейт?” деп артынан аңдып барсам, бир раздевалкага кирди да, кыпкыска юбка анан топик кийип алып, Кулиева көчөсүн көздөй басты. Мен эч нерсени ойлонбой туруп балама “ал кыз болбойт” деп, болгонун  болгондой айтып бердим. “Ал андай эмес” деп ишенбеди. “Андай болсо, аңды” дедим. Артынан аңдыганы чыгып кетип, эртеси таңкы 4тө келди. Ыйлап, “апа, ал кыз мага эмес менин байлыгыма кызыккан экен. Ал “университетте окугум келет” дегенинен окутайын деп аткам. Өзүңүз мурун айтчу элеңиз го, “бир кызды бактылуу кыл, аны бактылуу кыла турчу эмне болсо ошону жаса” деп. Мен аны бактылуу кылмакмын...” деп ыйлады. Ошондон бери кыздар менен сүйлөшпөй койду байкуш балам.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер