Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бозүйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

Бозүйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

21-июль, 11:47
2 443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул окуядан бери бир топ жыл өттү. Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Мен туугандарымды жамандайын деп жазып жаткан жерим жок. Болгону, баянымды окугандан кийин бирөөнүн жашоосуна кийлигишкендер азаябы деп ойлодум. 

Эки баласынын эсинде сактала электе жолдошум бизди таштап, узак сапарга кетти. Эсинде сактала элек дегеним, бирөөсү эмчекте, экинчиси экиге чыга элек. Баарынан дагы ичим ушул нерсеге күйүп жатты. Атасынын кандай камкор, шайыр, өзгөчө экенин көрүп калышса кана...

Ай, бул жаш неме эртең эле бирөөгө тийип кететжаш калды, эми бирөөгө тийип алышы керекбалдарын өзү бага албайт, бирөөгө тийип алганы дурустааныштарды карап чыгыш керек экен ж.б. Мен мындай сөздөргө көнүп бүттүм. Унчукпай кутулчу болдум. Ичимдеги бооронду сыртка чыгарсам, эч кимиси соо калбайт эле. Акылсыз жандарды аядым. 

Ыйлай берип башым айланып, көзүм караңгылап, темтеңдеп араң дааратканадан келаткам. Таякем, таежем, эки жеңем, кайнежем болуп бозүйдүн артында сүйлөшүп турушуптур. Мени чакырышты. Жандарына бардым. Бир кишини көрсөтүп, атын айтып, таанышып алышымды суранышты. Кеп эмнеде болуп жатканын дароо түшүндүм. Айтчу сөзүмдү баарына айтып, кайда баруулары керек экенин көрсөтүп, эсим ооп жыгылдым. Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Апам менен байкем балдарымды алып жанымда отурат. Байкем мага карапмени менен шаарга кетесиңби?” деп сурады. Ойлонбостон макул болдум. 

Жеңем менен байкеме чоң рахмат айткым келет. Стресстен улам сүтүм чыкпай калды. Жеңем баласына кошум баламды эмизип, байкем бейтапканаларга ташып, мага аябай кам көрүштү. Аларга эркелеп жата бергим келбеди. Батыраак бутума турууну кааладым. Турдум.

Мүмкүнчүлүк болору менен балдарды алып, батирге чыгып алдым. Жеңем мага көнүп калганын айтып, кетиргиси келбей жаман болду. Байкем таарынды. Бирок, алардын жакшылыгын сыйлагым келди. Дагы калып калсам, сыйымды жоготмокмун. Апам айылдан келип-кетип жардам берип жүрдү. Жумушка орноштум.

Бир жылдан кийин күйөөмдүн ашына бардым. Баягылар эч нерсе болбогондой учурашып чыгышты. Ачуумду араң кармадым. Уят эмне экенин билбеген жандар экен. Көзүмө ушундай күлкүлүү көрүнүштү. Мени баарын унутуп калды деп  ойлошкон чыгар. Унутулбайт. Силер убагында кылган жамандык эч качан унутулбайт.

bilesinbi.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер