Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Стресс абалындагы жаш кыз 8-кабаттан боюн таштады
Стресс абалындагы жаш кыз 8-кабаттан боюн таштады
16-декабрь, 17:31


Бүгүн, Бишкекте 20 жаштагы кыз сегизинчи кабаттан боюн таштап, каза болду. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдирет.
16-декабрь күнү таңкы саат 05:20 чамасында Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматы келип жабырлануучуну ооруканага алып кеткен. Бирок ал алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.
Кыз жеке көйгөйүнөн улам, стресс абалында өз өмүрүнө кол салган.
Милиция бул факты боюнча териштирүү иштерин баштаган.
Aryba.kg











