Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгерлер ымыркайды муздаткычка салып коюп, чарчап калган

Дарыгерлер ымыркайды муздаткычка салып коюп, чарчап калган

08-январь, 13:52
1 617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Дарыгерлер ымыркайды муздаткычка салып коюп, чарчап калган

Казактандын Атырау облусундагы төрөт үйүндөгү дарыгерлер тирүү наристени муздаткычка салып коюшуп, көп өтпөй наристе тоңуп, чарчап калган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Атырау облусунун дарыгерлеринин шалаакылыгынан улам, жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган. Ымыркай өлүү болуп төрөлүп, бирок, бир аздан соң өзүнө келген, бул учурда наристени сактап калуу мүмкүнчүлүктөрү бар болгон. Бирок, дарыгерлер аны жандандыруу бөлүмүнө жаткызгандын ордуна муздаткычка салып коюп кутулушкан.

“Биз документке баланы чарчап калды деп каттап койгонбуз. Ошондуктан, муздаткычка салууга туура келди” дейт Атырау облусунун дарыгерлери. Демек, алар документке жазылганды кайрадан оңдоп жазып коюунун ордуна муздаткычка салууну туура көрүшкөн.

“Жаңы төрөлгөн наристенин өлүмүнө шектүү дарыгерлер 20 жылга эркиндигинен ажыратылат жана оорукананын жетекчилиги өз жазасын алат” дейт Казакстандын паракорлукка каршы агенттигинин төрөга орун басары Шынгыс Кабдула.


Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер