Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сиздин өмүр жолуңуз, эмгектериңиз – үлгү жана нуска!

Сиздин өмүр жолуңуз, эмгектериңиз – үлгү жана нуска!

22-ноябрь, 10:48
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Педагог окумуштуу Болот Капарович!

Сизди Жусуп Баласагын атындагы кырыгыз улуттук университетинин ректораты, бириккен профсоюздук уюму жана жалпы профессор-окутуучулар жамааты 60 жашка толушуңуз менен кызуу куттуктайт. Сизге бекем ден соолук, бакубат жашоо менен агартуучулук, илимий-методикалык, насаатчылык ишмердүүлүгүңүздө албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. 

Сиз педагог-окумуштуу, мыкты лектор, орто мектептин кыргыз адабияты окуу китебинин авторлорунун бири, чебер котормочу жана акын-жазуучу катары таанылган, көп кырдуу өнөрлөрдү кесип кылган таланттуу адамсыз. Филологиялык билим берүүнүн, анын ичинде, кыргыз адабиятын окутуунун заманбап технологияларын изилдеп келе жаткан педагог-илимпоздордун ичинде сиздин жарыялаган методикалык эмгектериңиз өзүнүн татыктуу ордун таап, филолог-студенттер менен кыргыз адабияты мугалимдеринин стол китебине айлангандыгын канагаттануу менен белгилейбиз.

Болот Капарович! 

Сиз талыкпаган эмгек, түмөн түйшүк, уйкусуз түндөрдү өткөрүп, максаттуу жана натыйжалуу мээнетиңиз менен окутуучудан тартып, профессорлук кызматка чейин жеттиңиз. Өмүр жолуңуз, жарыялаган эмгектериңиз жана окуган лекция, жүргүзгөн практикалык сабактарыңыз – үлгү жана нуска. 

Алтымыш жаш – тажрыйба топтолуп, илим менен билимге терең сугарылып, иштин көзүн толук таанып-билген, өз ишмердүүлүгүнүн баалуу жана маанилүү натыйжаларын бере баштаган курак. Сиздин мындан аркы окутуучулук, педагогдук, устаттык, котормочулук жана акындык ишмердүүлүгүңүз кыргыз филологиясына, филологиялык билим берүүгө нар көтөргүс эмгек кылаарына ишенебиз.

Болот Капарович60 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Арыбаңыз!   


Канат САДЫКОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер