Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев, академик: “Айбек Жунушалиевдин “Ататүрк” паркын калыбына келтирүү аракети колдоого арзыйт”

Жамин Акималиев, академик: “Айбек Жунушалиевдин “Ататүрк” паркын калыбына келтирүү аракети колдоого арзыйт”

26-май, 20:14
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамин агай, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматка кирген күндөн тартып эле сын-пикирге кабылып келет. Анын ишмердүүлүгү купулуңузга толобу? 

-- Айбек Жунушалиев азыркы замандан чыккан кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болуп эсептелет. Өзү абдан сабаттуу жана токтоо жигит. Өндүрүштү жакшы билет. Мамлекеттик кызматтагы иши жана тажрыйбасы мол. Борборубуздун башчысы болуп мурун дагы иштеген, бирок Айбек жалпы республикага керек болуп, өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары кызматына көтөрүлгөн. Андан кийин президенттик аппаратта үзүрлүү иштеди. Эми кайра мэр болуп, Бишкектин былгып жаткан көйгөйлөрүн чечүүгө чечкиндүү киришти. "Ататүрк" паркын калыбына келтирүү аракети колдоого татыктуу. Биз шаардыктар Жунушалиевдин жумушун алдыга жылдырып, ага канат болуп беришибиз керек. Эң негизгиси, баштап койгон орчундуу демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берели.

-- Сиз “Ататүрк” паркын калыбына келтирүү аракетин колдогонуңуз менен эки ача пикирлер жаралып атат го?

-- “Ататүрк” паркындагы башаламандыкты мыйзамдын негизинде жоюу талапка ылайык. Бирок, республиканы башкарып жүргөн аттуу-баштуу адамдардын күчкө салып, жерди басып алып, катар-катар тамдарды курганы акылга сыйбаган иш. Алар абийири болсо курган тамдарын өз эрки менен мамлекетке өткөрүп беришсин. Ага барышпаса, кылмыш иши катары жоопко тартыш керек. Уят деген өлүмдөн катуу да. Өздөрү уялбаса, элден, бала-чакасынан уялсын.

-Ал жерден мурунку чиновниктердин көбү жер алышкан экен. Сизге да жер ал деген сунуш түшкөн жок беле?

-- Жок, андай сунуш болгон эмес. Өзүм дагы жер алууга жулунган эмесмин. Сунуш болгон күнү дагы алмак эмесмин. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер