Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөм мурдагы сүйгөнүн унута албай жүрөт...
Күйөөм мурдагы сүйгөнүн унута албай жүрөт...
28-февраль, 19:50


Мага психологиялык жактан кеңеш керек болуп жатат. Азыр алты айлык боюмда бар, күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 1,5 жыл болду. Бир жарым жылдан бери үч жолу алдады. Мага чейин бир кызды жакшы көрчү экен, эмнеге экенин билбейм, ага эмес мага үйлөндү. Бойдок кезде мени менен да, аны менен да сүйлөшчү экен. Мен аны билгенден кийин кечирим сурап, "кайра кайталабайм" деген, бирок ошондон бери эки жолу кайталады. Азыр сырт жакта, ойлоно берип жинди болуп кеттим. Ал кызды дагы деле жакшы көрөт экен, унута албай жатыптыр. Балам үчүн унчукпай жашап келе жатам же күйөөмдөн кетип, өзүм тирилик кылсамбы? Сыртта болгону менен акча салбайт, иштебейт. Балам төрөлгөнчө иштеп өзүмдү-өзүм карап кетсемби? Ойлоно берип кыйналып кеттим.
Акылай











