Акыркы кабарлар
» Видео-Фото » (Сүрөт) Ысык-Көлдө кримавторитет «Ботош» кармалды.
(Сүрөт) Ысык-Көлдө кримавторитет «Ботош» кармалды.
22-январь, 17:24
9 609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун 33 жаштагы мүчөсү О.А. кармалды. Ал кримчөйрөдө «Ботош» каймана аты менен таанымал. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Колго түшүрүү ишин УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Күч органдарынын маалыматына караганда, «Ботош» К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда жасалган бир нече кылмышка шектелүүдө.
«2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен О.А. үй камагына алынып, бирок анын эрежесин бузган», - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын басма сөз кызматынан учурда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу иштери уланып жатканын кошумчалашты.
«Баракелде»