Айсулуу Тыныбекова: “Социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келди”
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону Айсулуу Тыныбекова Токио олимпиадасына кызуу даярдык жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу балбан кыз соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Урматтуу достор! Амансыздарбы? Менде болсо баары жакшы!
Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби, алдыда Токиодо өтчү олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артууда. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда. Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.
Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Убактылуу аккаунттарымды токтото турам.
Элибизде тынчтык болсун!” деп жазды Тыныбекова.