Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныгы баатыр кызды тарбиялаган ата-энесине даңк!

Чыныгы баатыр кызды тарбиялаган ата-энесине даңк!

07-июль, 18:07
200 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Гүлнура Таштанбековага!)

Акыркы жылдары кыргыздын кыздары күрөш спортунан ийгилик жарата башташты. Катарлары арбый беришсин! Кечээ жакында Гүлнура Таштанбекова 72 салмак ченинде Азия чемпиону болуп, алтын медал тагынды. Өтө кубандым. Келечеги кең кыз экен. Дагы талыкпай эмгектенип, күч аракетин жумшай берсе, дүйнөнү багындырат. Олимпиада чемпиону болот. Гүлнураны сыртынан колдоп, жогору баа берем. Былтыр эле Азиядан экинчи орун алды эле... Тулку бою жарашкан, келишимдүү, чыныгы баатыр кызды өстүргөн, тарбиялаган ата-энесине жана агайына даңк! Мындан ары мамлекет кам көрүшү керек. Моралдык-материалдык жактан колдосо, Гүлнура Таштанбекова дагы көптөгөн ийгиликке жетишет. Өсүп келе жаткан спорт ышкыбоздору, жеткинчектер да үлгү алышат. Бул чоң өрнөк. Кыргыздын намысы үчүн жаралган балбан кызыбызды колдойлу! 


Мурат, мугалим  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер