Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дордой” спорттук клубдун беш балбаны өлкө чемпиону болушту

“Дордой” спорттук клубдун беш балбаны өлкө чемпиону болушту

26-февраль, 12:02
2 586 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Айта кетиш керек, чемпион болгон балбандар жакынкы арада олимпиадалык оюнга жолдомо алчу мелдештерге даярдана башташат жана аттанышат. Албетте, Кыргызстандын чемпионатында мен-мен деген спорттук клубдардан такшалган балбандар өлкө биринчилигине келип, жан аябай “салгылашты”.  Күрөш курч мүнөздө өттү. “Дордой” спорттук клубда машыккан беш балбан өлкө чемпиону болду. Алсак, Жоламан Шаршенбеков (60 кг.), Урмат Аматов (63 кг.), Акжол Махмудов (77 кг), Атабек Азизбеков (87 кг.), Узур Жузупбеков (97 кг). Эске сала кетсек, Атабек Азизбеков олимпиада мелдешине жолдомо алып койгон. Атабек “ар дайым спорттук дилгирлигимди жоготуп же басаңдатпаш үчүн чоң-чоң мелдештерге катышып турушум керек. Олимпиадага жолдомом бар деп чалкаман түшүп жатып алуу мен үчүн эмес” деди. 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер