Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оңол КАНЫБЕК уулу: “Спорт комплекске менин атымды койгонго сыймыктанып турам”

Оңол КАНЫБЕК уулу: “Спорт комплекске менин атымды койгонго сыймыктанып турам”

03-октябрь, 09:28
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда волейбол оюнун Оңол Каныбек уулусуз элестетүү мүмкүн эмес. Учурдун мыкты топ чапкычы десек болот. Улуттук курамдын капитаны. Жакында эле Арча-Бешик жаңы конушунда спорт комплекс ачылып, аты да “Оңол” деп коюлду. Бир аз күн мурун өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Ардак грамота менен сыйлады. 

-- Оңол, салттуу суроо: волейбол оюнуна кантип келип калгансың?

-- Биздин үйдө баарыбыз спортко ынтызарларбыз. Менден улуу агам волейбол оюнун жакшы ойноп, мени да кызыктырып койгон. 16 жашка келгиче топко тийди-качты болуп, бош болгондо гана барып жүрсөм, бир күнү улуу агам “Жаңы Муун” командасына ээрчитип келди. Ошондон баштап азыркыга чейин байланып калдым. Команда мени жылуу кабыл алып, андагы оюнчулар мен үчүн бир туугандарымдай эле болуп калды десем болот. 

-- Оюн талаада ар бир оюнчунун өз орду бар эмеспи. Бирөө коргоочу, бирөө чабуулчу дегендей...

-- Башынан эле чабуулчу болуп баштагам. Тор үстүнө көтөрүлгөн топту максаттуу түрдө атаандаштын талаасына житире чабуу. Бул жагын болушунча өздөштүрүп келем. Коргоочу же топту кабыл алуу же көтөрүп берүү жагы менде анча эмес. Мактана албайм. 

-- Кыргыз волейболу кайсы жылдардан баштап өнүгүү жолуна түштү?

-- Мен жаңыдан келген жылдарда, мындайча айтканда, акыркы он жыл ичинде ойго келбегендей өнүгүп-өсүп келатат. Мындан он жыл мурун кыргыз волейбол командасы Борбор Азия аймагында чемпион болот деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Быйылкы жыл биз үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Азиядагы оюндар биз үчүн башталышы гана, алдыда дүйнө чемпионатына багыт алуу.  

-- Өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан Ардак грамота алдың. Кандай кабыл алдың?

-- Чынын айтсам, күткөн эмесмин. Бул сыйлык меники эле эмес команданыкы десем болот. Тапшырып атканда аябай толкундандым. Бир башкача сезимдер жүрөгүмдү аралады. Менимче, эегемендик алган жылдан тарта биринчи жолу волейболчу мамлекеттик сыйлыкка татыптыр. 

-- Кайсы бир учурда Таиланддын командасында ойноп келдиң, ал жакка кандайча барып калдың?

-- Таиланддын “Эйр форс” командасына ойноп келдим. Кыргызстан командасы дүйнө мелдешине иргеп алуу оюндарына катышып, Бишкекте экинчи туру болуп аткан. Азия волейбол федерациясынын баш катчысы мистер Шанрид келген. Мына ошол киши менин оюнумду жактырып, чакырып калды. Чеберчиликти өстүрүүдө, тажрыйба топтоо максатында барып ойноп келдим. Окуума байланыштуу азырынча Кыргызстанда элемин.

-- Кыргыз волейболунун өнүгүшүнө федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин салымын кандай баалайсың?

-- Элмурза Ракиевич агабызда кеп жок. Кыргыз волейболунун атасы. Учурда федерация президентине башка кишини элестете албайбыз. Баардык жагынан төп келген адам. Оор басырыктуу, интеллектиси жогору, караңгыда жол тапкан сапатына баа жеткис. Эгер мындан башка киши болгондо кандай болот эле, айта албайм. Кыргыз волейболун Азия чөлкөмүнө чыгарганы боюнча кошкон салымы ат көтөргүс. Баардык мактоолор жарашат. 

-- Жакында эле ордо калаабыздын Арча-Бешик конушунда “Оңол” аттуу спорт комплекс ачылды...

-- Бул мындайча болду: мага буга чейин эч бир тааныштыгы жок адамдар “спорт комплекс курдук эле. Атын сиздин наамда коёлу деп атабыз, эгер сиз каршы болбосоңуз” дешти. Спорт комплексти Тынчтык жана Асхат Арасуловдор курушкан экен. Өздөрү спортко ышкыбоз, анын ичинде волейбол дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган бир туугандар экени мени абдан кубандырды. Мындай демилгени колдобой коё албайсың, топ чапкычтар сүйүнүп калдык. Биринчи кабатында волейбол аянтынан сырткары бассейни бар, баардык шарттары каралыптыр. Сонун! 


Билиц-анкета

Айылы – Оттук, Ысык-Көл

Жашы – 28

Салмагы – 96 кг.

Бою – 205 см. 

Машыктыруучусу – Самат Догочиев

Спорттогу жетишкендиктери – Азиянын борбордук аймагы боюнча эки жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү

Спорт даражасы – спорттун чебери

Эңсеп жеген тамагы – куурдак

Суусундугу – булактын суусу


Сурат ЖЫЛКЫЧЫЕВ
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер