Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анель Токтогонова: “Атамдын тайманбастык, туруктуулук, эр жүрөктүүлүк сапаттары менде бар”

Анель Токтогонова: “Атамдын тайманбастык, туруктуулук, эр жүрөктүүлүк сапаттары менде бар”

11-июнь, 09:57
1 511 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Бириккен Араб Эмираттар өлкөсүнүн Абу-Даби шаарында эрежесиз эр уруш боюнча UAE Warriors 50 аттуу эл аралык мелдеште кыргызстандык 18 жаштагы Анель Токтогонова кызыбыз швейцарлык Элен Оберг менен жекеме-жеке чыгып, таймаштын 3-бөлүгүндө атаандашын муунтуу ыкмасында жеңишке жетишти. Ушу менен Анель эл аралык мелдеште 6-атаандашын багынтып отурат. 

-- Анель, эмне үчүн спорттун эрежесиз эр уруш түрүн тандап алдың?

-- Менин чоң спортко келишиме ата-энем түрткү болду. Башында жөн гана ден соолугумду чыңдап машыгуу залына бара баштасам, кийинчерээк бул спорт менин жашоомдун эң негизи маңызы болуп калды. ММА спорттуна 15-16 жаштан тартып берилдим.

-- Учурда 6-жолу жеңишке жетип, кубанып турган кезиң. Мындан ары да улантасыңбы? Кийинки спорттогу кадамдарың кандай болмокчу? 

-- Албетте, улантмакчымын, алдыга койгон максаттарым кең. Бирок, жайы бою техникалык, физикалык жактан тажрыйбамды дагы жакшылап курчутуп, кынаптап, анан беттешке чыгам деген ойдомун. Анткени, эрежесиз эр урушка кызыккан кыз балдардын саны жылдан жылга көбөйүп, мен-мен деген эр жүрөк кыздар тапталып аткан кез.

-- Эмил мырза Кыргызстанда белгилүү адам. Атаңдын кайсы сапаттары сенде бар?

-- Негизи мушкердик жагын айтат элем... Тайманбастык, туруктуулук, эр жүрөктүүлүк, дагы да көптөгөн атамдын мыкты сапаттары менде бар. Ал сапаттар күндөн күнгө, айдан айга туура багытта калыптанып келатканын байкайм. Кээде “ушу мен эркек эле болуп калсам болмок экен” деп кетем. 

-- Эрежесиз эр уруш уюмдарынын ичинен (UFC, Bellator MMA, ONE Championship) кайсынысында өзүңдүн күчүңдү сынап көргүң келет?

-- Баарына белгилүү болгондой, чоң спортко аттанган ар бир мушкер дүйнөдөгү эң чоң UFC уюмундагы мелдештерге чыккысы келет. Жөн эле октагонго чыга калбай, ал жерде атаандашын жеңип, чемпион болууну самайт. Мен дагы өзгөчөлөнбөйм. Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретип турсам жаманбы? Мунун баарын аманчылыкта болсок, аша турган бел, багынта турган чоку катары эсептейм.


Блиц-анкета 

Жердиги, айылы – Кочкор, Нарын облусу

Жашы –18 

Бою –159

Салмагы – 58 кг

Спорттогу жетишкендиктери – бир нече жолку КРнын кулатуу, Naga грепплинг боюнча чемпиону 

Спорт даража – спорт чебери 

Машыктыруучусу – Эмил Токтогонов 

Спорттогу кумири – Валентина Шевченко 

Эңсеп жеген тамагы – эттүү тамактар          


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер