Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дордой”, “Эрем” жана “Ынтымак” спорттук клубдар- жыл мыктылары болду

“Дордой”, “Эрем” жана “Ынтымак” спорттук клубдар- жыл мыктылары болду

19-декабрь, 18:05
15 662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйылкы жыл спортчулар үчүн абдан катаал жылдардан болду. Ага биринчи кезекте бүткүл дүйнөлүк COVID-19 пандемиясы себепкер экени айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Ошого карабастан спортчуларыбыз дүйнө алкагында, республика ичинде мурунку жетишкендиктери эске алынып, КТРК спорт телеканалы жылдын мыктыларын интернет-добуш берүү натыйжасында аныктады. Кемчилигин айта кетели. Кимдерди мыкты деп тандаш керегин өздөрү сунушташыптыр (мүмкүн мен жаңылып атам). Бул иш-чара  өткөн жумада болду жана жаңы жыл күнү көгүлтүр экрандан көрсө болорун айта кетели. Анда кээ бирине токтололу. Эмне үчүн кээ бирине? Аткени, быйылкы жылы кыйратып деле дүйнөнү дүңгүрөткөн спорттук мелдештер болбогонун эске алдык.


Мыкты спортчулар: 

“Жылдын мыкты спортчулары” номинациясы боюнча:  Валентина Шевченко (ММА), Улукбек Жолдошбеков (эркин күрөш), Гүлжигит Алыкулов (футбол).

Олимпиадалык спорттун түрү боюнча:  Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Валерий Кичин (футбол), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү).

Беш жылдык көрсөткүчтөгү мыкты спортчулар номинациясы боюнча: Айсулуу Тыныбекова, Валентина Шевченко, Манас Ниязов (көкбөрү), Валерий Кичин, Авазбек Аманбеков (кикбоксинг), Акжол Махмудов (грек-рим), Дарья Маслова (жеңил атлетика), Оңолбек Каныбек уулу (волейбол), Нурбек Кожобеков (кыргыз күрөшү).

Эл сүймөнчүгү номинациясында: Бусурманкул Абдибаит уулу (ММА), Канат Келдибеков (ММА), Акжол Махмудов (грек-рим).

“Мыкты федерация” номинациясы боюнча: дзюдо, көкбөрү жана самбо.

“Мыкты машыктыруучу” номинациясы боюнча: Нурбек Изабеков (кыз-келиндер күрөшү), Павел Федотов (ММА), Тилек Муса уулу (самбо).

“Мыкты спорт клуб” номинациясы боюнча: “Дордой”, “Эрем” жана “Ынтымак”

“Спортко кошкон салымдары үчүн” номинациясы боюнча: Аскар Салымбеков, Талас Бегалиев, Советбек Сакебаев, Чолпон Султанбекова, Руслан Кыдырмышев, Жолдошбек Көлбаев, Канай Аламанов, Кабыл Макешов, Шаршен Касенов, Ксения Толканева, Гүлбара Үмөталиева.

“Спорт сыймыгы” номинациясында: Каныбек Осмоналиев, Орзубек Назаров, Каныбек Сагынбаев, Талант Дүйшөбаев, Татьяна Колпакова, Мария Кулчунова-Пингина, Юсуп Мусаев, Канат Бегалиев, Кенжебек Өмүралиев, Алмазбек Раимкулов.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер