Акыркы кабарлар
» Күч берен » Жоламан Шаршенбеков дүйнө кубогунун жеңүүчүсү аталды
Жоламан Шаршенбеков дүйнө кубогунун жеңүүчүсү аталды
15-декабрь, 12:19
5 595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жоламан Шаршенбеков дүйнө кубогунун финалдык беттешинде россиялык Степан Марянянды жеңип, алтын медаль утуп алды. Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылды.
Чейрек финалда Шаршенбеков молдовалык Европа-2019 чемпиону Виктор Чебануну жеңип алды. Жарым финалда түркиялык Ахмет Уяр менен беттешип, аны 5:1 эсеби менен утту.
Финалдык беттеште Шаршенбековдун атаандашы Россиядан келген Степан Марянян болгон. Ал биринчи бөлүктү 4:0 эсеби менен утуп келе жаткан. Андан соң демилгени колго алып, акыркы жасаган натыйжалуу аракети менен кыргызстандык спортчу 4 упай чогулта алды.