Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Валентина Шевченко: “Чемпиондук курумду коргоп калуу үчүн мушташка чыгам”

Валентина Шевченко: “Чемпиондук курумду коргоп калуу үчүн мушташка чыгам”

20-ноябрь, 01:22
3 648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрежесиз эр уруштун мушкер кызы, кыргызстандык Валентина Шевченко ушул жума аягында өзүнүн жеңил салмак чени боюнча UFC жаатында чемпиондук кемер курун коргоп калуу үчүн мелдешке чыгат. Атаандашы да өзүнүн айтымында “оңой жоо” эмес экен.

-- Валентина, бразилиялык каратору кыз менен татыктуу мелдеш кылганга даярсыңбы?

-- Дапдаярмын. Бул мелдеш боло турганы белгиленген күндөн баштап катуу даярдык көрө баштадым. Стойкада жана партерде атаандашым билбеген кээ бир ыкмаларды машыктык. 

-- Мелдеш кайсы күнү, кайсы жерде болот?

-- АКШнын Невада штатында, Бишкек боюнча 22-ноябрь күнү болжол менен таңга жуук. Саатынын так даанасын айта албайм. Анткени башка да мелдештер каралууда. 

-- Атаандашың ким?

-- Бу жолу атаандашым аябай күчтүү делген, ар кайсы жаат боюнча төрт чемпиондук кемер куру бар бразилиялык Женифер Мая(й) деген кыз. 

-- Анда мушташ катуу болот өңдүү?

-- Катуусу катуу эле болот. Эң негизгиси, октагонго чыгып атканымда анын чемпиондук курлары меникине караганда көп экенин унутуп, антсе да UFC уюмун бир да жолу жеңе элеги мени бир аз кооптондурат. Кыйын болсо өзүнө кыйындыр, менде, жүрөгүмдө кыргыз жеримдин духу бар! Болгон күч аракетимди жумшайм.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер