Дүйнө чемпиону Улукбектин изги тилеги


23 жашка чейин балбандар арасында дүйнө чемпионатында Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча мелдеште алдынан чыккандардын баарын багынтып, алтын медаль тагынды. “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алдык. КР эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев, КР жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу олимпиадалык борбордун директору Жомарт Шамканов, балбандын күйөрмандары, достору жана бир туугандары болду.
Мелис ТУРГАНБАЕВ, федерация президенти:
-- Улуктун дүйнө чемпиону болоруна камсанаган эмесмин. Даярдыктары сонун болчу. Эми алдыда Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына жолдомо бере турган лицензиялык мелдештер башталат. Учурда Улуктан сырткары Берназар Акматалиевдин даярдыктары жакшы. Россиянын жана Американын күчтүү балбандарынын мизин майтарды. Өсүш бар. Жаш балдар чыгып келатат. Албетте, каражат маселесинде анча-мынча көйгөйлөр жок эмес. Ошого карабастан мамагенттик, федерациялар олимпиадага карата көп аракеттерди жасап жатат.
Сүймөнкул ТАБАЛДЫ уулу, Улуктун машыктыруучусу:
-- Аз-маз болсо да мактана кетейин. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованы дүйнө мелдешине даярдоодо колкабыш кылдым. Андан кийин Мелис Турганбаевди ардагерлер арасындагы дүйнө мелдешине жана бүгүнкү күндүн дүйнө чемпиону Улукту даярдадым. Кудай жалгап, үчөө тең “дүйнө чемпиону” деген наамга жетти. Кубанычымда чек жок. План “А” иш жүзүнө ашты. Эми план “Б” турат. Алдыда 2020-жылы Токио олимпиадасы. 57 килограмм салмак ченине даярдайбыз. Кийинки жылы Кытайда лицензиялык мелдеш алдыда турат.
БААТЫРКАН, Улуктун атасынын агасы:
-- “Улукбектин атасы элемин” десем жаңылбайм. Баламдын финалдык таймашын теледен көрдүм. Аягына чыккыча чыдамсыздык менен толкунданууда араң отурдум. Ортодогу калыс уулумдун колун көтөрүп, жеңүүчү дегенде “Улук жеңди, Улук дүйнө чемпиону, Улугум, уулум!” деп эки-үч кайталап ийипмин. Ооба, аябай сүйүндүм. Сүйүнгөнүмдөн көз жашылап да ийдим окшойт. Биздин чоң аталардан бери балбандык жайыбыз, “чымыныбыз” бар. Өзүм да бир кезде 52-54 килограмм салмак ченинде Нарын облусунун үч жолку чемпиону болгом. Кээ бир күрөш ыкмаларды Улукка өзүм көрсөтүп берген жайым бар.
ГҮЛНАР, Улуктун апасы:
-- Уулумду “түнкү он экиде күрөшөт” деп калышты. Эрте эле жатып алчу элек, а күнү үйдөгүлөр менен ошол саатты, ошол мүнөттү, ошол көз ирмемди күтүп отурдук. Күрөш килемине чыкканда эле бир нерсени байкадым. Анын жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү мага белги берип тургандай болду. “Чемпион болот” дедим. Шек санаган да жокмун. Эне катары мунун баары алыста жүрсө да туюлду. Өзгөчө, балама медалды тагып, Кыргызстандын гимни ойнолуп атканда демим токтоп калды. Көздүн кычыгынан сүйүнүчтүн жашы ылдый кулап, көкүрөк-көөдөнүмдө бир башкача сезим орноду. Ушуну раматылык атасы көрсө болмок... Атасы да өз учурунда “Улук дүйнөнү багындырат” деп көп айтчу. Эми уулума Японияда өтө турган олимпиада чемпиону болушуна ак жол каалайм.
ТИЛЕК, байкеси:
-- Улуктун дүйнө чемпиону болгонуна абдан кубанып, жүрөгүм жылып, азыр сөз таппай турам. Бир залда машыктык. Балдардан өзгөчөлөнүп, агайдын көрсөтүп берген ыкмаларын өтөөсүнө жетмейинче залдан кетчү эмес. Өжөр, көкбет десем да болот. Эмгекчил, колунан келбей атканын миң кайталайт, акыры “түбүнө” жетет. Улук менен бир залда машыккан балдар сыймыктанабыз. Мен да эл катары бул жакта туруп алып Жаратканга жалбарып, “утса экен” деп аттым. Улуктун жаштар арасында дүйнө чемпиону наамын жеңип алганы эркин күрөштүн кадыр-баркын абдан эле көтөрүп койду. Ак эмгеги кайтты десем болот. Апасына, ага-туугандарына, агайларына ыраазычылык билдиребиз. Федерация президенти Мелис Турганбаевге өзгөчө ыраазычылык, таазим! Балдарга дем, шык берип, колдоо кылып атканына.
Улукбек ЖОЛДОШБЕКОВ, дүйнө чемпиону:
-- 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө мелдешине экинчи же үчүнчү орунду жеңүү үчүн барган эмесмин. “Дүйнө чемпиону болом” деп баргам. Даярдыктар ойдогудай болчу. Спортто кээде ушундай жагдайда жыйынтык үчүн, бийик көрсөткүч үчүн суусап турган учур болот. Алдыга койгон максатыма жеттим. Финалдык мелдеште Индиянын каратору балбаны анча күчтүү деп ойлогон эмес элем. Анткен менен таза күрөшпөйт экен. Каракушка эки-үч жолу колу менен чаап, көзүмдү чукуп ийип атты. Башым жарылганын күрөш маалында сезген эмесмин. Кийин сүлгү менен аарчыганда көрдүм. Биздин медик Бактыгүл эжебизге ыраазычылык, жаракатты дарылап, өз убагында туура дары-дармек менен айыктырып койду. Бул жеңишимдин артында көптөгөн адамдар турат. Эң ириде апам машыгуум үзгүлтүк болбосун деп тамагын өз убагында берип, жумуш кылдырбай, эч нерсе жолтоо болбосуна кам көрүп турат. Эки агам мен жасай турган жумушту жасашат. Эң биринчи Нарындагы машыктыруучум Нурбек Акиев менин күрөштөгү көзүмдү ачып, борбор калаадагы Шералы Сыдыков атындагы интернатка даярдап келген. Ал жерде Кармышалы Акматовдо машыктым. “Пайдубалың кандай турса, өзүң да ошондой болосуң” деп, күрөштүн негизги өзөгүн тургузган адам. Агайдын эмгеги зор. Азыр болсо Сүймөнкул Табалды уулу баардык эл аралык мелдешке даярдайт. Акыркы жеңиштеримдин салымына салым кошуп, атамдай эле болуп калды. Руслан Маджинов менен Ислам Тазабековдорду да айтпай кетпесем болбойт. Алтын медалга жетүүмө көп эмгек кылышты. Эми алдыда Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алуу жана олимпиада чемпиону болуу изги тилегим бар.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ











