Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Катар өлкөсүндө футбол боюнча дүйнө чемпионаты кызыды

Катар өлкөсүндө футбол боюнча дүйнө чемпионаты кызыды

30-ноябрь, 20:46
410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Катар өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты сегиздик финалга жолдомо алуу мелдештери кызыды. Финалдык бөлүккө аттанган 32 команданын жарымы ыргып, жарымы калары турулуу иш. Футболго ынтызарлар, күйөрман-ышкыбоздор үчүн чоң майрам кыштын алгачкы күндөрүндө уланууда . Ышкыбоздор Катар командасы жок дегенде сегиздик финалга жетип барса керек деген ойлору таш капты, тротуардын жээгиндеги сууну кечип өтө албай калды. Кантсе да Азия чемпиону болушкан да. Мындан сырткары, Германия командасы ар качандан бир качан “машиналары” любой музду жиреп өтчү эле. Бу жолу буларга эмне болду, кайсы кара теке сүзүп атат   (?) деген түкшүмөл ойлорду жаратууда. Ай ааламды сапырган атактуу оюнчулардын ичинен португалиялык Криштиан Роналду көздүн кычуусун кандырган  өз оюнун көргөзгөн жок (картайдыбы). Ага караганда Лионелл Мессинин аракети күч болууда. Кыскасы, кезектеги дүйнө чемпиондугунда кимдин жылдызы жанат жана кайсы команда чемпион болот (?) деген суроо ачык бойдон калууда. Кызыгы, сегиздик финалга алгачкылардан Сенегал менен АКШнын командалары жолдомо алганы бир чети күтүүсүз болду.  Бир сөз сөз менен айтканда 2022-жылкы футбол боюнча чемпионат кызыды. 


Чемпиондор парады

  1. Бразилия – 5 (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
  2. Германия – 4 (1954, 1974, 1990, 2014)
  3. Аргентина – 2 (1978, 1986)
  4. Франция – 2 (1998, 2018)
  5. Уругвай – 2 (1930, 1950)
  6. Англия – 1 (1966)
  7. Испания – 1 (2010)


Бомбардирлер:

3 топтон киргизген Эннер Валенсия (Эквадор), Годи Какпо (Голландия), Клиан Мбаппе (Франция), Маркус Рашфорд (Англия).


Стадиондор:

Лусаил шаары, Улуттук стадион (89 000 көрүүчү), Эль-Хаур шаары, Эл-Байт (69 000), Доха шаары, 974 (44 000), Эль-Тумама (44 400), Эр-Райян шаары, Халифа (46 000), Эдьюкейшн сити (45 000), Ахмед бир Али (45 000), Эль-Вакра шаары, ЭльДжануб (44 000).


Чемпионаттын тобу

2022-жылы, 30-мартта Adidas фирмасы футбол боюнча чемпионаттын тобун коомчулукка жарыя салды. Al Rihla деп аталып, кыргызчасы – саякат десе болот. 


Сурат Жылкычиев
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер