Кыргызстандык мушкер Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести кантип жеңди?


Өзүңүздөргө маалым болгондой, мындан эки ай мурун биздин жердешибиз Дмитрий Бивол Кыргызстанга келип, профессионалдык мелдешке даярдыгын көрүп, экинчи этабын өткөзүп кеткен эле. Ордо калаада жолугуп, ноябрь айынын башында чемпиондук кемер курду коргоп калуу үчүн беттеш кандай болорун, даярдыктар кандай болуп атат (?) деген таризде собол таштаганымда “атаандашым мексикалык мушкер Хильберто Рамирес буга чейин бир да жолу рингде жеңилбеген жана бу жолу да катуу айбат көрсөтөт. А мен анысына карабайм, коркпойм, кылым кыйшайбайт! Кантсе да кыргыздын духу менде бар. Болгон күч аракетимди жумшайм” деген эле.
6-ноябрь күнү БАЭнин Абу-Даби шаарында жарым оор салмак (80 кг) ченинде Рамирес менен профессионалдык рингге чыгып, биздин жердеш ташын талкан кылып тизелетти. Калыстар 117-111, 117-111, 118-110 эсебинде биздин баланы жеңүүчү деп тапты. Ошентип Дмитрий Бивол чемпиондук кемер курун кезектеги 5-ирет коргоп калды!

Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











