Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбай Тиленбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш

Дүйшөнбай Тиленбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш

11-май, 23:50
2 498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Дүйшөнбай Тиленбаевдин жаркын элесине арналган ардагерлер арасында шахмат боюнча чоң мелдеш аяктады. Кыргыздын бычакка сап кыздарынын бири, шахмат боюнча КРнын бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештерде байгелүү орундардын жеңүүчүсү, КРнын шахмат боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Бактыгүл Тиленбаева айым атасынын 100 жылдыгына карата ардагерлер арасында шахмат боюнча турнир уюштурду. Чынын айтыш керек, мелдеш акыркы турга чейин абдан кызыктуу өттү. 45 ардагерлер ат салышты. Эң улуусу Роза Вендрова эжебиз быйыл 91 жашты аттап 92ге кетсе, эркектер арасында Эрмат Усубалиев аксакалыбыз 90 жашты көздөй кадам уруптур. Оюнга кызуу катышкандардын арасында 4 илимдин доктору, 5 профессор, эмгек сиңирген врач, күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, самбо боюнча дүйнө чемпионунда күмүш медалдын ээси жана күрөш боюнча эки спорт чеберлери катышты. Бактыгүл айым азамат экен! Чолпонбек байкесин баш кылып, ага-тууган жек-жаатын төш кылып, мелдешти мыкты деңгээлде өткөрүп беришти. Эки күнкү ат салышууда аялдар арасында 1-орунду Роза Вендрова, 2-орунду Валентина Кузько, 3-орунду Гүлбара Сыдыкова ээледи. Ал эми эркектер арасында 1-орунду Үсөйнбек Мусаев, 2-орунду Мир Рашитов, 3-орунду Смаил Абдраимов эледи. Байгелерди тапшыруу үчүн ЖК депутаттары Исхак Масалиев, Дастан Бекешов жана шахмат федерациясынын өкүлү Талант Мамытовдор болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер