Токтоболот Базарбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш
9-май Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, тогуз коргоол чебери Токтоболот Базарбаевдин 100 жылдыгына арналган эл аралык таймаш өттү. Токтоболот (Окош) атабыздын эл аралык мелдешине тиягы Казакстан, бу жагы Өзбекстан, өз мекени Ат-Башы жергесинен, бүткүл республиканын булуң-бурчунан болуп 180ге жакын коргоолчулар күч сынашты. Окош атамдын урпактарына таазим! Жылда Ат-Башы районунда гана мелдеш өтүп келчү. Быйыл 100 жылдыктын урматына чет жерден бери чакырып, Эл аралык коргоол оюндар федерациясынын президенти Камчы Касымов менен бирдикте турнирди өтө мыкты деңгээлде өткөрүштү. Мелдештин жыйынтыгында ардагер айымдар арасында 1-орунду Калима Оморова, 2-орунду Света Токтакунова, 3-орунду Элмира Кенжеева ээледи. Ардагер эркектер арасында 1-орунду Жумамүдүн Курмангалиев, 2-орунду Бауржан Тулегенов, 3-орундарды Бактыбек Орозакунов жана Канатбек Кендирбаевдер ээледи. Ал эми кыздар арасында 1-орунду Алтынай Шамбетова, 2-орунду Гүлден Тургынбекова, 3-орундарды Гүлзат Эсеналиева менен Адина Асейевалар ээлешти. Жигиттер арасында 1-орунду Анарбек Джамакеев, 2-орунду Сыргак уулу Сырттан, 3-орундарды Дамир Ахметов жана Галымжан Темирбаевдер ээледи.
Сурат Жылкычиев