Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Бейшеке айылынын эли менин ысымымды спорт залга беришти”

Каныбек Осмоналиев: “Бейшеке айылынын эли менин ысымымды спорт залга беришти”

27-апрель, 04:18
2 671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында жаңы ачылган спорттук залга 1980-жылкы Москва олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев агабыздын ысымы ыйгарылды. Биз агабызга эки-үч собол таштадык.

-- Каныбек ага, өзүңүздүн киндик каныңыз тамган Бейшеке айылына спорттук жай салынып, ага сиздин ысымыңыз берилген турбайбы?

-- Муну “АРИС” уюму салып бүтүргөндөн кийин айылдын аксакалдары, жаштары айыл өкмөтүнө келип, “бул спорттук жайга өзүбүздүн кулунубуз, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин ысымын берели” деген сунуш айтышып, аны Бейшеке айылынын жалпы эли колдоого алышып, барып салтанаттуу түрдө ачып келдик. 

-- Угушума караганда, спорттук жай айыл жергесине абдан ылайыктуу дешти...

-- Спорт зал аябай жакшы, чоң. Ал жерде футбол, баскетбол, волейбол, гандбол оюндарын ойносо болот, айтор, бүт баарына жарай турган зал. 

-- Өзүңүз ошол жердин кулуну болгондон кийин оор атлетика боюнча да балдар чыгыш керек го?

-- Ал жагын да карап атабыз. Ошол эле спорт залдын жанына айылыбызга күрөш, бокс жана оор атлетика залын курсак деген изги тилегибиз бар. Бирок, эң ириде спорт зал ачканыбыз менен машыктыруучуларды, алардын айлык акысын чечиш керек. Антпесек, зал ачкан менен машыктыруучулар жок болсо, зал өз максатына жетпей калат. 

-- Жакшы ойлоруңуз бар экен... 

-- Ойдо көп нерсе бар, бирок көбү каражатка барып такалат. Эгер миллионер болсом бул маселе эбак эле чечилмек, эч кимден сурабай туруп. Ошол эле “АРИС” менен сүйлөшүп атабыз, Кемин шаарчасына чоң масштабдагы спорт-комплекс салабыз деген оюбуз бар.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер