Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анвар Оморканов: “Мурат Саралинов хоккей федерациясы боюнча туура сөздү айтып кеткен...”

Анвар Оморканов: “Мурат Саралинов хоккей федерациясы боюнча туура сөздү айтып кеткен...”

18-апрель, 09:00
2 963 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Анвар мырза, 12-январда КР хоккей федерациясы кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 5 жылдык мөөнөткө сизди кайрадан президент кылып шайлашты. Бирок, шайлоодо нааразычылыктар чыкканын айтышууда. Бул боюнча эмне дейт элеңиз?

-- Өзүңүз билгендей, федерация мамлекетке жардам бере турган коомдук уюм. Оорун колдон, жеңилин жерден алып, кайсы бир мелдешти, иш-чараны уюштурууга жөлөк болуп берет. Ошол эле учурда кайсы бир мамлекеттик кызматкер федерациянын ички ишине кийлигишип, үстөмдүктө “мунуң туура эмес, аны андай кылба, мындай кыл” дей албайт. Эсимде, бир жылдары өкмөткө караштуу дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов биздин хоккей федерациясынын кезектеги жыйынына келип, “биз сиздердин федерациянын ички иштерине кийлигишүүгө эч кандай акыбыз, укугубуз да жок. Сиздердин чечимге каршылык көрсөтүү болбогон кеп” деп айткан жайы бар. Менимче, Мурат мырза сөздүн аныгын жана ток этерин айткан. Ооба, 12-апрель күнү хоккей федерациясы кезектеги жыйынын өткөздү. Эң негизги маселе кийинки 5 жылга федерациянын президентин шайлоо өнөктүгү болчу. Федерацияга мүчө болгон 35 адам чакырылып, 28 мүчө катышып, мени федерация президенттигине шайлашты. 

-- Нааразылык эмнеден чыкты?

-- Жыйынга спортчулардын ата-энелери да катышкан эле. Алар добуш берүүгө укуктары жок экенине карабай, көп жылдан бери эмгектери спортко сиңген федерациянын аткаруу комитетинде салмактары бар адамдардын сөзүн бузуп, ортодон чыга калып, жыйынды жокко чыгаруу аракетин жасашты. 

-- Максаттары эмне экен?

-- Федерация президенти болууну самап, мени кийинки мөөнөткө калтырбоо да...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер