Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаар биринчилиги кап ортосунан ооду

Шаар биринчилиги кап ортосунан ооду

14-апрель, 19:38
1 341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шахмат боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Бишкек шаарынын чемпионаты кап ортосунан ооду. Ар бир күнкү мелдеш өзүнүн күтүүсүз жыйынтыгын чыгарууда. Шаар федерация президенти Эсенбек Базакечевдин айтуусуна караганда, бул мелдеш көп жылдардан бери өтпөй келген. Анын көп себептери болгон. Бу жолкусунда көптөгөн шахматчылардын катышуусу пландалып, алгач иргеп алуу, же тактап айтканда, ФИДЕ рейтингинде 1300дөн жогоркулар тизмеге кирген. Ошол эле учурда беделдери жогору шахматчыларга тыюу салынган. Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында жумшартылган рейтинг чамасында мелдешке 18 айым аттанган. Турнирде швейцар таризинде 9 оюн ойнолот. Айта кетчү жагдай, Бишкек шаарынын биринчилигинде  Съездбековдордун үчөө аламанга аттанды. Эң кызыгы, кыз-келиндер арасында Азия чемпиону Айжан да байкелери Арзыбек, Алмаз менен биргеликте эркектер мелдешине чыкканы болду. Аны атасы Съездбек “Айжанды атайын эркектердин таймашына коштум. Күчтүүлөр, анын ичинде эркектер менен ойноп чыйралсын. Өзү теңдүү кыздар менен ойноп жүрөт. Ал жагында маселе жок” деди. Жума аягында жыйынтыгы чыгат. Жеңүүчүлөр тийешелүү байгелерге марып, дипломдор менен сыйланат.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер