Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Sports Awards-2019: Жеңүүчүлөр толугу менен аныкталды

Sports Awards-2019: Жеңүүчүлөр толугу менен аныкталды

02-март, 12:11
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин кабарлангандай, 29-февралда VI Sports Awards-2019 салтанаты өтүп, Кыргызстандын мыкты спортчулары жана спорт ишмерлери сыйланып атканынан учкай кабарлаганбыз

Иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Алгач номинацияга кирген спортчулар кызыл килемден басып, концерттик залга көрүүчүлөрдүн шаңдуу кол чабууларынын коштоосунда киришти. Сыйлоо кечесин сыйлыктын негиздөөчүсү Динара Орозбаева ачып, атамекендик спортчуларыбызга кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Динара айым өз сөзүндө спортко кайдыгер карабаган меценаттарга кайрылып, кыргыз спортчуларын ар тараптан колдоого чакырып өттү. 

Негизги номинациялардын алдында жыл ичинде өзгөчөлөнгөн төрт спортчу жана бир уюмга “Спорттогу бийик жетишкендиктери жана талыкпас эмгеги үчүн” дипломдору тапшырылды. Алар: Азамат Эсеналиев, Айдай Орозбекова, Бакыт Кыдыков, Нурбек Оросулбаев жана стекинг спорт федерациясы.

2018-жылы көк бөрү учурунда кырсыктап, оор жаракатка кабылган жана өз алдынча баса албай калган Дастан Жакеевге атайын сыйлык тапшырылды. Кошумчалай кетчү нерсе, “Мыкты команда” номинациясында жеңүүчү кошумча кошумча эреженин негизинде аныкталды. Сыйлыктын жобосуна ылайык, эгер талапкерлердин упайлары тең болуп калса, анда эксперттик комиссиянын төрагасынын жеке тандоосу чечүүчү болот. Аталган номинация боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын өкүлү болгон. Ал өз тандоосунда 1-орунга волейбол федерациясын койгон болчу.


Номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен таанышып алыңыздар. Интернет-добуш берүү жана эксперттик комиссиянын тандоосунун негизинде:

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында мыкты спортчу – Нурбек Алиев (кол күрөш);

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында мыкты спортчу айым – Гүлзада Калыгул кызы (жеңил атлетика);

Улуттук спорт боюнча мыкты спортчу – Элдияр Сексенбаев (алыш);

Олимпиадалык спорт боюнча мыкты спортчу – Улукбек Жолдошбеков (эркин күрөш);

Олимпиадалык эмес спорт боюнча мыкты спортчу – Авазбек Аманбеков (кикбоксинг);

Мыкты улакчы – Манас Ниязов (“Достук”);

Мыкты грэпплинг чебери – Абдурахман Муртазалиев (“Kyrgyzstan Top Team”);

Жыл жаңырыгы – Нурадин Рустамбек уулу (бокс);

Мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);

Мыкты команда – КР волейбол боюнча курама командасы.


Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде:

Мыкты машыктыруучу – Бообек Тотошев (кармашып мушташуу);

Мыкты федерациялар – грэпплинг жана кыргыз күрөш федерациялары;

Атайын сыйлык – Дастан Жакеев;

Мыкты меценат – Райым Матраимов.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер