Акыркы кабарлар
» Күч берен » Sport Awards: Райым Матраимов жылдын мыкты меценаты!
Sport Awards: Райым Матраимов жылдын мыкты меценаты!
29-февраль, 20:47
702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн Бишкекте спортто жетишкендиктер боюнча 2019-жылдын жыйынтыгы чыгып жатат. Ар жыл сайын Кыргыз спортуна ат көтөргүс салым кошкон спортчуларды, спорт ишмерлерди жана меценаттарды Sport Awards сыйлайт. Учурда сыйлоо аземи жүрүп жаткан кез. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен “Мыкты меценат” сыйлыгы мурунку бажы кызматынын орун басары Райым Матраимовго ыйгарылды. Биз бул иш-чара боюнча жакынкы арада толуктоо кылабыз.
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg