Акыркы кабарлар
» Күч берен » Балбан Улукбекке нарындыктар нар көтөргүс сыйлык беришти
Балбан Улукбекке нарындыктар нар көтөргүс сыйлык беришти
29-февраль, 16:12
715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эркин күрөш балбаны, Азиянын чоңдор арасында чемпиону Улукбек Жолдошбековду нарындыктар өтө чоң сыймык менен тосуп алышты. 28-февраль күнү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта облустун губернатору Эмилбек Алымкулов балбанга “Нарын облусунун атуулу” наамын ыйгарды. Демөөрчүлөр 400 миң сом, Нарын шаардык кеңеши 100 миң сом, спорт мектептер 70 миң сомдун сертификаттарын берсе, жеке ишкерлер BMW X5 үлгүсүндөгү темир тулпарды тартуу кылышты. Эске сала кетсек, бир жума мурун Индиянын Нью-Дели шаарында эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүп, 61 килограмм салмак ченинде чемпиондукту багынткан. Андан мурдараак жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон.
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg