Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте кандай деңгээлде өтөр экен?
Бишкекте 3-5-март күндөрү хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионаты өтөт. Ага байланыштуу ички иштер министрлиги жалпы Кыргызстандын аймагында жана Бишкек шаарында коопсуздук чараларды күчөтүүнү колго алышканын айтып чыгышты.
ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 26-февралынан тарта ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан өлкөнүн бардык облус, райондорунда, Ош жана Бишкек шаарларында ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлө баштайт.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүдө жарандардын, меймандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ИИМдин башкы багыттарынын бири болуп саналат. Иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын каттоосунда тургандардын кылмыштарды жана укук бузууларды жасоосун алдын алууга, андан сырткары, үй-бүлөлүк, тиричилик мамилелер чөйрөсүндө кылмыштардын жана коомдук жайлардагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлөт. Укук бузуулардын алдын алуу менен бирге коомдук тартипти сактоо жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча комплекстүү иш-чаралар да жүргүзүлөрү айтылууда. Айтылган убадалар аткарылып, эл аралык иш-чара үлгү болчу деңгээлде өтсө деген тилектебиз.
Aryba.kg