Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медет Букуев: “Ичкиликти маңызына чыгара ичип, “ала жипти” аттаган жагынан атаманмын...”

Медет Букуев: “Ичкиликти маңызына чыгара ичип, “ала жипти” аттаган жагынан атаманмын...”

01-февраль, 09:00
3 945 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз кичи футболунун негиздөөчүсү, “атасы” менен маек.

-- Медет мырза, сиздин үйүңүздө ким кожоюн?

-- Менин ойлогон оюмду айттырбай жасап турган, баардыгына нервимди кетирбей, күчүмдү сактап, үйгө келген мейманды жаркырап тоскон, албетте, үйдүн кожойкеси – байбичем кожоюн да. 

-- “Ички, тышкы маселе...” деген болот эмеспи?

-- Маселени экиге бөлүп карайм. Биздин үй-бүлөбүз чакан “мамлекет”. Мунун ичинде карала турганы жана өзүңдүн басып өткөн жолуң, кесибиң, жоро-жолдошторуң, өлкө үчүн эмгектенген ишиңдин баарын бириктирип келсең –  бул сырткы. Ошондо экөө эки бөлөк. Сырткы чөйрөдөгү болуп аткан маселелерге өзүм жооптуу, кожоюнмун. Ал эми чакан “мамлекетибиздегилердин” баарын кожойкеге өткөзүп бергем. Мен болгону “тышкы иштер министри” болуп карап коём.

-- Кой сойгонду билесизби?

-- Кызык окуя, бир күнү карасак короодогу койлордун үчөө-төртөө түнү менен өлүп калыптыр. Атабыз жок жетим өстүк, ошондо апам “эркек болгондон кийин баары бир башыңа келе турган иш. Мобу койлорду сой” деди. Мурун көзүм менен көрүп жүргөн элем, кээ бир жиликтин эттерин бири-бирине оодарсам да бир күн кечке союп чыккам. Андан кийин кой сойгонго шарт болбоду, анткен менен кимге кандай устукан тийешелүү экенин билем.

-- Өзүңүздүн күчүңүз менен үй салгансызбы, колуңузга балка-чот кармап, мык кагып дегендей?

-- Союз мезгилинде шаарга келип, башка улуттун жертөлөсүндө, батирге чыгып, өзгөчө байбичем экөөбүз 14-15 жылча туруп калдык. Ар учурда турак жай маселеси көөдөнүмдө кыттай уюп туруп алды. Азыркы турган эки кабат үйдү жаңыдан баштап атканда, менден улуу агам “алына жараша эле бир кабат салбайбы же жардам бере турган адамы болбогондон кийин” деп айттырып ийиптир. Намыс үчүн фундаментин өзүм казып, цементин куюп, чатырына чейин уулдарым, байбичем менен бүткөрдүм. Чатырына гана колум тийген жок, киши жалдадым, калганын, ушу кезге чейин кайсы жеринде кандай кыш, кандай мык какканыма чейин эсимде турат, азыр сурасаң айтып берем. 

-- Байбичеңизди эске салдыңыз, а киши менен кандайча таанышып, кандайча түтүн булатып калгансыз?

-- Эркек киши эки нерседен жаңылбаш керек экен. Биринчиси, сүйүктүү кесибинен. Экинчиси, өмүрлүк жарды тандап атканда. Экөө тең өмүр бою сени коштоп жүрөт. Туура тандаган кесиптин аркасы менен жумушуңа ырдап барып, кайра үйгө көңүлдүү кайтасың. А сүйүктүү жарың менен өмүр бою бирге болосуң. Айна экөөбүз классташпыз. 10 жыл чогуу окудук. Мектепти бүтүп шаарга келдим. Эчендеген сулуу кыздарды көрөсүң. Бир-экөөсүн айылга ээрчитип келип, апама “мобу кызды алам, мага жакты” десем, сыр билгизбей таенеме көргөзөт. А киши болсо, “ай, жаман жээн, сен азыр көпкөлөң болуп жүрөсүң. Буларды эмне кыласың? Андан көрө мобу эле менин кошунам Обоздун кызын алып ал, көйрөң кыздардын сага пайдасы тийбейт” деп айтты. Чындап эле ал ортодо кагылдык, согулдук. Карап отурсам каратору, мотурайган, жашоо-шартты түшүнгөн, тың кыз, өзүм дагы байлангансып калдым.

-- Ала качтыңызбы?

-- Балдарым да ушу суроону бергенде, “кечинде барып, эшек арабаны кошуп, алдына беде чөптөн салып отургузуп үйгө апкелгем” десем, кээде ишенип, ишенбей да калышат. Анүстүнө Айна деле мени сыртыман жактырып жүрүптүр. Аны апасына айтса, а киши “ушу Букунун баласы менен сүйлөшүп жүрөт экенсиң. Жөн эле койчу. Шаардын хулиган балдарына үйүр алыптыр” деп бир курдай айтыптыр. Анткени, окуганым дене тарбия институти болсо, кийгендерим ар кандай сүрөт чапталган кызыл-тазыл майке, асынганым артымда гитара, чач желкеден, кийгениң багелеги барпыраган клёш шым, айылга топ тээп жулкунуп барсаң, аны болочоктогу кайненем көрүп алып айткан тура. Анысына карабай, менин анча-мынча киши болорумду туйган окшойт. 

-- Байбичеңизге ачууңуз келип, эмоцияга берилип кетип, кол көтөргөн учур болгонбу?

-- Мүнөзүм ушундай экен, ачууга бат алдырып, кайра бат тарап кетем. Жаш кезде бир же эки жолу болгондур, эсимде жок. Бирок, 44 жыл бирге өмүр сүрүп келатабыз. Байбичеме эки дүйнөдө ыраазымын. Кудайдан бир гана нерсени суранып, тиленип кетет элем, узун өмүр жаш берсе, бирөөгө кор кылбаса экен, анан кемпиримден бир күн мурун аркы дүйнөгө алып кетсинчи... Ушуну өтө суранам. 

-- Сулуу селкилерге, кыздарга кайдыгер болгон эркекти “дөңгөч” дешет. Сиз “дөңгөч” эмессизби?

-- “Дүйнөнү сулуулук кармап турат” деген жакшы сөз бар эмеспи. Анан кээде таңгалам, “сулуу кыз көрсөм карабайм” дегендерге. Демек, андай адамдардын жүрөгү жок, мындай адамдар мерез. А мерездер бир адамга да жакшылык каалабайт. Ошон үчүн сулууну аздектеп, баркына жете билиш керек. Жаныңда байбичең келатканына карабай мойнубуз сынып кеткенче караган күндөр толтура болгон. Сулууларга суктанууга акыбыз бар. Атасынын гөрү...

-- Ичкиликке кандайсыз, кызып калганда бирөө ырдай берет, бирөө ыйлай берет, сиз кантесиз?

-- Оозумду кууп чөп менен аарчып, “ууртап-татып эле коём” дегендерден эмесмин. Ичкиликти орду менен ичсең, акыл-эсиңди жоготпосоң, сүйлөгөн сөзүңдөн жаңылбай, бирөөнүн көңүлүн оорутпай, ченемин билсең, мындан өткөн жыргал барбы? Чөгүп турган көңүлүңдү көтөрөт, дудук болсоң да тилиңди чечет, жүрөгүң ачылып, элге сени сүймөнчүктүү көргөзөт, жакшы тойлордо маңызына жеткире ичесиң да.

-- Байбичеңиз “кой ай, болду!” дебейби?

-- “Акыркы жылдары ичкенден кийин ыйлаганга өтчү болдуң” деп калат кемпирим. Анда мен “бир жүрөгү таза киши жашык болот, бир башынан оорчулукту өткөргөн адам жашык болот” дейм, себеби, менде экөө тең бар. 

-- Өзүңүзчө ээн жерге барып алып буркан-шаркан түшүп ыйлап алган учурларыңыз барбы?

-- Ар дайым позитив жараткан адамдар менен баарлашып, чер жазыша сүйлөшкөндөнбү, андай учурлар болгон эмес. Бирок, кээде жүрөктүн кылдарын дирилдеткен ыр уксаң же үйгө конок-кара келип, алардын маңдай жарыла жыргап отурганын, неберелерге сөз берип, алар жандүйнөңдү жакшы сөздөр менен козгогон учурда байкоосуздан көздөн жаштар тоголонуп кетет. Эмне үчүн мындай учурда ыйлабайсың? Анын да жакшы жактары бар эмеспи. Адамды аруулайт, көкүрөктү тазалайт, мээни сергитет, шарты келгенде ыйлайбыз. 

-- Ууз сүйүүгө кабылгансызбы?

-- Мектепте окуп жүргөн мезгил. 10-класска жаңы көчкөм. Орус тилден берген зыңкыйган эжебиз бар эле. Орусчаны жакшы билгендиктен эженин берген суроолоруна өзгөчөлөнүп жооп айтып, адабияттагы каармандардын образын жан-дилим менен баяндаган сайын эжебиз мага ыктап берилип атса, “ал мени сүйүп калган экен” деп, мен да ал эжени жакшы көрүп калып атпаймынбы! Көрсө, көптүн ичиндеги мадырабаштын көңүлүн көтөрүп, сабакты жакшы окуган бала катары кабылдап жүрүптүр...

-- Суроону ушинтип эле кабыргасынан коёюн, “ала жипти” аттагансызбы?

-- Дүйнөдө “ала жиптерди” аттагандардын атамандарынан экөө болсо, бирөөсү менмин. Кээ бир эркектерге окшоп актанып, “аттаган эмесмин, түз жүрөм” дегендердин катарында жокмун. 

-- Мончонун буусун жактырасызбы?

-- Мончо – бул керемет! Айтып отурсаң сөз жетпейт. Москва шаарында аспирантурада окуп калдым. Илимий жетекчим бар эле. А киши да мончону жакшы көрчү. Жума күнү экөөбүз 300-400 километр алыс жайгашкан дачасына барабыз, мончосун өзү жагат. “Баня по-черному” деп коёт. Эшиги бир метрге жетпеген, жөрмөлөп киресиң. Ал жактан капкара болуп чыгасың, бири-бирибизди карап алып күлөбүз. Экинчи ирет киргенибизде шыпыргы менен чабынабыз. Малинанын кыямы менен самоордогу чайды дембе-дем ичип, 3-4 саат түшкөндөн кийин “тигинден куюп бер” дейт. 150 граммды бир басчу. Артынан кара нандын үстүнө горчицаны сыйпап, селедканы, картошканы коюп, анча-мынча туздан себилген закускеден бир сугунгандан кийин, “вах! Вот это баня!” деп жыргап калар эле. Мончонун кереметин ошол жетекчимден үйрөндүм. Азыр мончонун баркын байбичем да билип, менден өтүп кеткен азартник болуп калган. Кадимкидей “эртең мончо” деген күнү шаймандарын даярдап, неберелеринин тамак-ашын камдап коюп, санаасын тынчытып алып жөнөп калат.

-- Аялзаты “девичница”, эркектер “мальчишник” деп шерине ойношот...

-- “Шерине” десең бир нерсе оюма “кылт” этти. Мындан 20 жыл ашык, азыркы президентибиз Садыр Нургожоевич менен шерине ойнойт элек, бизнес менен алек болуп жүргөн. Кезеги келип айтылуу “Каркыра” жайлоосунда тосту. Июль айы, жайдын саратаны кез. Шибер чөптүн үстүнө футбол ойноп, самоордон чай ичип, “агы”, “кызылы”, бешбармак жедик. Ошондо президентибиздин “кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” деп айтканы эсимен кетпейт... Дагы бир жылуу окуя жадымда турат. Ал да мындан 20 жыл мурун болсо керек эле. Садыр Нургожоевич менен бирге конокто болуп, байбичем, уулум болуп машинеси менен Көлдөн келатабыз. Шаарга жеткенде “үй кай жакта?” деп калды. “Биз мындай эле кетип калалы” дедим. Болбой үйгө жеткирди. Анан “кандидат наук, кафедра башчысы болсоңуз, машине жокпу, азыр жөнөкөй эле адамдарда машине бар эмеспи?” деди. Бир аз буйдалып, жооп бергиче эле “мобу машинени алыңыз” деп ийсе болобу. Эмне кыларымды билбей калдым. “Ай, тыйынын кантип берем?” десем, “колуңуздан келсе бересиз, келбесе көрөсүз” деп салды. Ойдо жок нерсе болуп кетти. Асмандан түшкөндөй машинелүү болуп калдык. Болгондо да жарым-жартылай “Джип” машине. Муну менен эмне айткым келип атат? Садыр Нургожоевич кимдерге гана жакшылык кылбады, анын баарын ушу кезге чейин өзү тараптан жарыялап, “мен минттим, тигиге жардам бердим” дебеди, уга элекмин. А мага окшогондор толтура болсо керек. Бүгүнкү күндө “Мен таза болоюн, сиздер да таза болгула! Мага элимдин алкышы, батасы керек!” деп эгемен алгандан бери кайсы президент ушинтип айтты эле? Мындайды өзүнө ишенген гана киши айта алат да. Жүрөгүнүн тазасы, элине болгон сүйүүсү, жасап аткан ишине жараша баарыбызга чакырык таштады. Эгер баарыбыз ички сезимибизди оңдосок, кайсы бир туура эмес иштерге чек койсок, анда алдыга жыла турган ишеним бар.                 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер