Акыркы кабарлар
» Күч берен » Нурбек Изабеков: “2024-жылы Айсулуу 31 жашта болот. Алтынды алат деген үмүтүбүз бар”
Нурбек Изабеков: “2024-жылы Айсулуу 31 жашта болот. Алтынды алат деген үмүтүбүз бар”
17-август, 12:10
6 958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованын Париждеги олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикирин билдирди.
«Айсулуу 28 жашта. Көптөгөн спортчулар 4-5 олимпиадада күч сынашат. Токиодо кубалык балбан төртүнчү алтын медалын утуп алды. Каори Ичо дагы төрт алтын алган. Кыздар үй-бүлө куруп, кайра келип, кайра мушташат. Мындай учурлар да болгон. 2024-жылы Айсулуу 31 жашта болот. Алтынды алат деген үмүтүбүз бар» деди Нурбек Изабеков.