Акыркы кабарлар
» Күч берен » Акжол Махмудов Токио олимпиадасынан күмүш медаль утту
Акжол Махмудов Токио олимпиадасынан күмүш медаль утту
03-август, 18:54
1 961 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи олимпиадалык күмүш медаль болду.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио олимпиадасынын күмүш медалына татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду. Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.