Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого сапар алды
Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча КР олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Спортчуларды жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, КР грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары узатууга келишти.
«Пекин 2008» жайкы олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев «силердин мындан аркы ийгилигиңер өзүнөрдөн көз каранды. Жалпы кыргыз эли силерди колдойт! Жолуңар байсалдуу болуп, байгелүү келишиңиздерге тилектешмин!» деп билдирди.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.
Белгилей кетсек, биринчилерден болуп 1-августта саат 8:00дө 60 кг салмакка чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 кг салмакка чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргомокчу. 3-август саат 8:00дө 87 кг салмакка чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.
Алга Кыргызстан! Чамда Кыргызстан!