Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекдөөдөт Расулбеков: “Токио олимпиадасында Кыргызстандын желегин желбиретип, байгелүү орундарга чыгам...”

Бекдөөдөт Расулбеков: “Токио олимпиадасында Кыргызстандын желегин желбиретип, байгелүү орундарга чыгам...”

24-июль, 10:56
5 709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эртең Японияда кезектеги жайкы олимпиада оюндары старт алат. Олимпиадага жолдомо алып, оор атлетика боюнча күч сынаша турган балбаныбыз Бекдөөлөт Расулбеков менен чакан маек кылдык. 

-- Бекдөөлөт, Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн атайын даярдыктарды көрдүңбү? Олимпиадага катышуу сен үчүн күтүүсүз болгон жокпу?

-- Олимпиадага жолдомо алуучу мелдештер 2018-жылы эле башталган. Эки жылдан ашык убакыт ичинде жети мелдешке катыштым. Үч жолкусунда жогорку көрсөткүч көрсөтүп, чемпиондукту жеңдим. Эки мелдешинде байгелүү орундарды багынта алдым. Азия чемпионатында да жаман болгон жок. Жалпы жонунан олимпиадалык упайларды топтоо негизинде мага лицензия берилди. Учурдан пайдаланып, агайларым Өмүржан Молдодосовго, Камбар Токтоналиевге, Уланбек Молдодосовго терең ыраазычылык билдирип кетейин. Айта кетүүчү жагдай, олимпиадалык цикл башталгандан тарта Токио олимпиадасына умтулуум башталды. Даярдыктар күч болду. 

-- Олимпиадага жолдомо алган күндөн тарта сени менен бир салмак ченде мелдешке чыга турган чет элдик атаандаштардын жана жеке өзүңдүн дараметиң тууралуу ой калчасаң керек?

-- Туура айтасыз, алар менен да эсептешиш керек. Бу жерде Катар өлкөсүнүн атлети биздин салмак ченде алдыда кетип баратат. Муну айтып коюш керек. Ал эми калган балбандар менен бир мелдеште алар утса, бир мелдеште ийгилик биз жакка оогон күндөр көп болгон. Олимпиада оюндары жакындаган сайын жолдомо алган атаандаштар өздөрүнүн дараметтерин ачык көрсөтпөй, жабык, сыр бойдон кармап келүүдө. Бизде “помост покажет” деген сөз бар. Буюрса дейли, байгелүү орундарды жеңип, Кыргызстандын желегин желбиреткенге болгон күч аракетимди жумшайм. 

-- Допинг маселеси бизде опурталдуу эле, оолаксыңбы?

-- Бүгүнкү күндө дарыгердин көзөмөлүндөмүн. Допингден алыспыз, Кудай сактасын. Абдан оолакмын. Ал жөнүндө сөз кылгым да келбейт. 

Блиц-анкета

Жашы – 24

Салмагы – 96 кг

Бою – 176 см

Жерлиги – Токтогул, Тоолук айылы 

Спортто жараткан ийгиликтери – көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байгелүү орундардын ээси. КР үч салмак ченинде 5 жолку чемпион. Азия мелдешинин коло медалынын ээси. 

Машыктыруучусу – Өмүржан Молдодосов

Эңсеп жеген тамагы – манты

Бош убактысында – китеп окуйт, ырдайт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер