Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурсултан Кеңешбеков: “Токио олимпиадасына анчалык аракет кылбай эле жолдомо утуп алдым”

Нурсултан Кеңешбеков: “Токио олимпиадасына анчалык аракет кылбай эле жолдомо утуп алдым”

11-июль, 21:39
5 489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакындан эле жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токио олимпиадасына жолдомо алганын коомчулук жүрөк жылытарлык жаңылык катары кабыл алды. Биз ысыгында чакан маек курдук. 

-- Нурсултан, Токио олимпиадасына жолдомо утуп алууну ойлодуң беле?

-- Чынында мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Өзүм ушу жылы өтө турган жайкы олимпиадага, тактап айтканда, Токиого жолдомо алууга аракет кылып иштеген эмес элем. “Кийинки олимпиадага лицензия алам, байгелүү орундарды, анын ичинде олимпиада чемпиону болом” деген ой бар эле. Тагдыр “тамашасына” арга жок. Баарына моюн сунуш керек.

-- Даярдыктар кандай жана ийгилик жарата турган дараметиң жетиштүүбү?

-- Ооба, азыр Каракол шаарында окуу-машыгуу сбордо жүрөбүз. Учурда бир жумага эс алуудамын, ошого карабастан жеңил машыгуулар менен алекмин. Себеби, үстүбүздөгү жылдын май айынын 29унан тарта июнь айынын 28ине чейин 10 эл аралык мелдештерге катышып, өз күчүмдү сынап келдим. Кыргызда “Коколейдин эс алганы – кой кайтарганы” деген кеп бар экен. Менин эс алганым – жеңил машыгуу болуп атат. Кийинки жумадан тартып толук кандуу машыгууга киришем. Алдыга койгон максатым – чуркаган жагынан финалга чыгуу жана улуттук рекордду жаңыртуу, буюрса дейли. 

-- Чынын айтсак, Токио олимпиадасын 5 чакырымга чуркоо боюнча алдың. Ушул аралыкта сенин көрсөткүчүң менен калган жолдомо алган атаандаштардын аракетинде кандай айырмачылыктар бар?

-- Негизги атаандаштар менен 20-25 секунд, башкача айтканда, 150-170 метр экен. Жеңил атлетикада бул айырмачылык өтө чоң айырма катары саналат. Дагы бир жолу күйөрмандарымдан өтүнүп, алдын ала айтып кетейин, сиздер күткөн ийгиликке жетпей калсам, айып этпейсиздер! Убакыт капталдан кысып келди. Ошого карабастан болгон күч аракетимди жумшайм, ушуну билип коюңуздар.   


Блиц-анкета

Жашы – 21

Салмагы – 58 кг.

Бою – 176 см.

Жерлиги – Ысык-Көл, Чок-Тал айылы

Спортто жараткан ийгиликтери – көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байгелүү орундардын ээси (Украина, Румыния, Беларусь, Түркия, Иран, Өзбекстан, Казакстан). Мемориал Косанова дүйнөлүк коло лигасынын жеңүүчүсү 1500 м жана 5000 м аралыкта. Улуттук рекорддун ээси 3000 м аралыкта 8:04:49

Спорттук даражасы – МСМК (Эл аралык даражадагы спорттун чебери)

Машыктыруучусу – Сатыбек Чокаев

Бош убактысында –  шахмат ойнойт жана англис тилин үйрөнүнүүдө.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер