Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныкей Кубанычбекова: “Токио олимпиадасында ийгилик жаратуу үчүн баардык аракетимди жумшайм”

Каныкей Кубанычбекова: “Токио олимпиадасында ийгилик жаратуу үчүн баардык аракетимди жумшайм”

28-июнь, 13:16
8 803 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каныкей карындашыбыз мылтык атуу боюнча Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. “С корабля на бал” дегендей, кызуулай маек курдук. Мылтык атуу спортуна кандайча келгенин, алдыда олимпиада мелдешинде кандай көрсөткүчкө жетише ала турганын, ийгилик жаратууда кимдин салымдары ат көтөргүс экенин сурадык.

-- Каныкей, мылтык атуу спортуна кантип келип калгансың? Сөздү ушундан баштайлы.

-- Бош убактымда бий менен алектенип жүргөм. Анан эле капыстан ок атуу спорту бар экенин билип калдым. Ата-тегибизде мергенчиликке кызыккан адамдар бар. Алгачкы күндөн эле абдан жактырып, ошол убакыттан бери машыгууда жүрөм. Болжол менен 2010-жылдан бери десем жаңылбайм.

-- Токио олимпиадасына жолдомо утуп алууну ойлодуң беле? Буга кимдин салымы чоң?

-- Токиo олимпиада оюндарына жолдомо утарыма ишенгем. Биринчиден, чоң колдоо көрсөткөн – бул менин ата-энем жана машыктыруучу агайым. Ошондой эле биздин федерациянын президенти Саламат Эргешовдун эмгеги абдан зор. Бул адамдын биздин спортко келиши менен федерацияда көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду. Президент катары ар бир спортчуга көңүл бөлдү, бизди колдоду. Ал эми “Аю холдингдин” жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов биздин спорчулар үчүн Орто Азия боюнча эң чоң спорттук ок атуу жайын куруп берип, эл аралык шартта атып, машыга баштадык. Шаршенбек байкебиз материалдык жактан эң чоң колдоо жасап келди жана көрсөтүүдө. Ошондой эле “Аю” коомдук фондунун төрайымы Айзада Абдыкеримова эжеге ыраазычылык билдиргим келет. Эл аралык стандартка ылайык, заманбап мылтык сатып берди. Федерациянын баш катчысы Жибек Молдоева эженин да эмгегин айтпасак болбойт. Бизди ар тараптан эл аралык деңгээлдеги мелдештерге чыгарып такшалтты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп, мылтык аткан спортчулар өзүбүздү спортчу сезип баштадык.

-- Алдыдагы чоң мелдешке канчалык деңгээлде даярсың? 

-- Буюрса даярдык жакшы. Атаандаштарымдын баарын билем. Токио олимпиадасында жакшы көрсөткүчкө жетиш үчүн болгон мүмкүнчүлүгүмдү, аракетимди жумшайм.


Блиц-анкета

Жашы – 21

Салмагы – 63 кг.

Бою – 170 см.

Жерлиги – Талас 

Спортто жараткан ийгиликтери – КР бир нече жолку чемпиону жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундардын жеңүүчүсү

Спорттук даражасы – КР спорт чебери

Машыктыруучусу – Виктор Суровцев

Эңсеп жеген тамагы – манты

Бош убактысында – чет тилдерин үйрөнүү менен алек.



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер