Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Шабданбеков: “Балбандарыбыз күйөрмандарын кубантат. Арасынан Айсулуу жогору…”

Канат Шабданбеков: “Балбандарыбыз күйөрмандарын кубантат. Арасынан Айсулуу жогору…”

21-июнь, 13:29
6 650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев менен маектештик. Канат мырза спорттон алыс эмес адам, грек рим күрөшүнүн балбаны. Мындан эки жыл мурун ардагерлер арасында дүйнө мелдешинде өз күчүн сынап келген. Алдыда Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндары тууралуу өз ойлорун ортого салды.

-- Канат мырза, күн санап жайкы олимпиада оюндары жакындап келатат. Даярдыктар кандай?

-- Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына болгон даярдыктар эч бир үзгүлтүккө учурабастан, өз ыргагы менен келатат. Алсак, жакында эле биздин балбан кыздар бу жагынан өздөрүн көрсөтө алды. Польшада өткөн эл аралык мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, калгандары да байгелүү орундарды багынтты. Бул бир эле мисал. Ооба, бул олимпиада өзгөчө олимпиада. Мурдагыдан айырмаланып, күйөрмандарсыз, көрүүчүлөрсүз өтө турганы айтылууда. Жадагалса ар бир мамлекеттен ал жакка бара турган делегация да чектелүү экени айтылды. 

-- Биздин футбол боюнча улуттук курамдын оюнчулары Японияга барганда эң негизги делген дарбазачыларыбызды кайсы бир шартта оюнга киргизбей коюшту. Ушундай маселе олимпиада оюндары учурунда кайталанбайбы?

-- 20-июнга чейин олимпиадага бара тургандардын тизмеси такталып бүтөт. Анан 1-июлдан баштап 15-июлга чейин карантинге киргизилет. Баардыгы тыкыр көзөмөлдө болушат. Доктурлар антидопингдин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып атышат. Эл аралык стандартка жооп берген вакциналар сайылышы шарт. Футболчуларыбыздын жагдайы кайталанбаш үчүн сөзсүз түрдө карантин керек. Күн сайын анализдери алынып турат. Бир сөз менен айтканда, футболчулардын жагдайын кайталанбаганга аракет кылабыз.

-- Олимпиадага жолдомо алгандардын саны канчага жетти жана алдыда жолдомо берчү оюндардан канчоосу калды?

-- Олимпиадага жолдомо берчү оюндардын баары бүттү. Мындан сырткары, квота менен бөлүнө турган спорттун түрлөрү гана калды: бокс, дзюдо ж.б. Ушул жуманын аягына чейин толукталат деген үмүттөбүз. Бүгүнкү күндө 13 спортчубуз жолдомо алган 14-болуп жеңил атлетикадан Ташкент шаарында Мария Коробицкаяныкы ачыктала элек, суроо бойдон калууда. 

-- Биздин мекендештерден кимдерден үмүт артсак болот?

-- Жолдомо алган спортчуларыбыздын баарынын алдыга койгон максаттары бир. Ал – олимпиаданын бийик сересине көтөрүлүү. “Үмүтсүз шайтан” дейт. 15ке жакын спортчуларыбыздын ар биринен жогорку көрсөткүчтөрдү күтөбүз. Албетте, спортто көзү ачыктык – болбогон нерсе. Ошентсе да бу жолу балбандарыбыз өз күйөрмандарын кубантат деген ойдобуз. Алардын арасынан Айсулуунуку жогору турат. Жараткандан тиленерибиз – алтын медалдуу болсок жаман болбос эле. 

-- Акжол Махмудовдун жаракаты толугу менен айыктыбы?

-- Толугу менен айыкты. Акжолдун мага жаккан бир нерсеси – бу мүнөзү. Негизинен жаракат алган спортчу жалтак болуп калат. А Акжол болсо өзүнүн өжөрлүгү, чыйрактыгы менен баардык тоскоолдуктарды багынтып келатат. Анын ордунда башка бирөө болсо кандай болмок, билбейм. 

-- Жыйынтыктоочу суроом: өкмөттүн курамы өзгөрүлдү. Спортту маданият  министрлигине берип коюшту. А чындап келсе, спорт өз алдынча калса болот беле?

-- Спорт коомчулугу да сиз айткандай өз алдынча калса болмок деп атышат. Бизде анткени жаштар саясаты да бар. Эки тармак эриш-аркак жүрүшү керек. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча спорттун туу чокусу болуп олимпиада оюндары эсептелет эмеспи. Мындай иш-чара эч жерде жок. Төрт жылда бир жолу өтүп, андагы жеңүүчүлөр жогорку тепкичтерге көтөрүлгөндө ошол мамлекеттин желектери желбиреп, ал спортчу жана мамлекети даңазаланып, бүткүл дүйнөгө таанылат. Кайсы учурда мамлекеттин туусу желбирейт? Президент башка өлкөгө барганда жана спортчу жеңишке жетишкенде. Ушул жагынан алып караганда, спорт өз алдынча министрлик жана жаштар өз алдынча  министрлик болсо туура болмокпу деген оюм бар. Учурда өкмөттүн курамында   өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Андан сырткары, өлкө президенти Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт институтун бүткөн, спортту жакшы түшүнөт, өзү футболист. А кишини да туура түшүнсөк болот, жумушу чачтан көп болуп, спорт тармагына бир аз убактысы жетпей жаткан чыгар. Карап көрүп, бизди өзүнчө бөлөт деген оюбуз бар.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер