“Профессор” Улан Бердибаевдин ордуна Азиз Бекназаров ашыгып калдыбы?
Ош ШИИБнин орун басары Азиз Бекназаров Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө башкармалыгына которулуунун камын көрүп атканы өздүк курам тарабынан айтылууда. Бул эргул элди аттырган Кашкар Жунушалиевдин аяш баласы катары сыпатталып келет. Чоңдордун жөлөк-таягы менен өсүп, милициядан аты чыга баштаган кербези. Мурда Бишкек шаарында иштеп жүргөндө сойкулук жайларды калкалаганы боюнча сынга кабылып, ишинин натыйжасын көрсөтпөй эле карьералык секирик жасаган. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” демекчи, Азиз Бекназаров көмүскөдөгү шектүү иштери менен көпкө деле узабаса керек. Ыңгайы келсе УКМКнын колуна түшүп калышы ыктымал...
Ал эми Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги, “Профессор” каймана атындагы Улан Бердибаев ИИМдин 10-башкы башкармалыгына бөлүм жетекчиси катары жылабы? Айтор, азырынча Азиз Бекназаровго “чүйгүн” кызмат керек болуп калгандай...
"Азия Ньюс" гезити