Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Токтоналиев моралдык жактан өзүн ыңгайсыз сездиби? Адам өлүп жатса...

Азамат Токтоналиев моралдык жактан өзүн ыңгайсыз сездиби? Адам өлүп жатса...

30-август, 21:55
263 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул жашоодо өмүр баарынан кымбат. Бирок, акылга сыйбаган көрүнүштөр, өкүмзордук менен жантаслимге алып баруу өтө одоночулук. Кылмышкерлер эмес, укук коргоо кызматкерлери жоготууларга барып жатышканы өкүнүчтүү.

Бишкек ШИИБ башчысы Азамат Токтоналиевдин жетекчилигинин астында ар кандай акылга сыйбаган көрүнүштөр орун алууда. Жакында оорукчан жаранды милиция кызматкерлери басып алышып, демин кыстырып өлтүрүп коюшту. Жалгыз адамды үч-төртөө жаткызып алышып, ныгырып жатышса кантип жан бербесин? Ал чырылдап жансоога сурап жатса да угушпайт... Мындай аянычтуу көрүнүшкө Азамат Токтоналиев моралдык жактан өзүн ыңгайсыз сездиби? Же адам өлүмүн чымындыкындай да көрбөй калышканбы? 

Бишкек ШИИБнин өздүк курамынан пара алууга айыпталып милиция кызматкерлери байма-бай колго түшүүдө. Бул жагы көнүмүшкө айланып бараткандай. Негизи “Хасбик” сын-пикирден сабак алып, алгылыктуу иштегенге бара албайт экен. Колунан келбесе кетпейби? ИИМге сөз тийгизип, көлөкө түшүрүп атпайбы!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер