Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ЖЭБ соту боюнча өкүм чыкты, кимдер кандай жаза алышты?

ЖЭБ соту боюнча өкүм чыкты, кимдер кандай жаза алышты?

06-декабрь, 21:18
785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион сом чыгым тартканын аныктаган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаковдон тышкары, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар.

Сапар Исаков – 15 жыл эркинен ажырап, мүлкүн конфискациялоо чечими чыкты, андан тышкары мамлекеттик сыйлык наамдарынан ажыратылып, 3 жыл мамлекеттик кызматка иштебей турган  өкүм чыкты. СИЗОдо отурган бир күн эки күн деп эсептелет. Ал 2018-жылдын 5-июлунан бери камакта.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Үй-мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик наам, сыйлыктарынан ажыратылды жана үч жыл мамлекеттик кызматка иштегенге тыюу салынды.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын директору Айбек Калиев Кылмыш жаза кодексинин 215 жана 59-беренелери боюнча 15 жылга эркинен ажыратылды. Мүлкү конфискацияланып, Ардак грамотасы, "Даңк" медалы жокко чыгарылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт. Ошондой эле 2011-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү унаасын сатуудан түшкөн 1 627 801 сом мамлекеттин эсебине алынды.

Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев — абалын эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилди. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салынып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштегенге тыюу салынды.

Ольга Лаврова –  3 миллион айыппул салынып, үй-мүлкү конфискацияланды.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов Кылмыш жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл үч айга эркинен ажыратып, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштегенге тыюу салынды.

Айыпталуучулардын айрымдары жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулду.

Прокуратура Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду жана Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну суранган.

Эскерте кетсек, 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер