Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейөкмөт уюмдарга Акаев бийлигинен бери чабуулдар башталган. Эмне үчүн?

Бейөкмөт уюмдарга Акаев бийлигинен бери чабуулдар башталган. Эмне үчүн?

20-март, 20:22
536 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Учурда бейөкмөт уюмдарга ар тараптан чабуул, кысым башталып атканы айтылууда. Кыргызстан демократиялык өлкө. Буга кандай комментарий берет элеңиз?” деп суроо салдык. 

Азиза Абдрасулова

-- Чынында Борбор Азия арасында Кыргызстан социалдык, экономикалык, саламаттык сактоо ж.б. өтө көп жагынан артта калган өлкө болуп калдык. Карапайым элибиз бир четинен арманы болсо, экинчиден, кыжырлары келип атат. Жашообуздагы көйгөйлөрдүн көбөйүп кетиши, мамлекеттин артта калышы, жокчулук, жакырлануу, өлкөнүн очойгон карызга батышы, калктын бийликке болгон ишеничинин кетишинен улам күнөөлүүлөрдү издеп башташты. Кээ бирлери “бейөкмөт уюмдар күнөөлүү” десе, дагы бир тарап парламентти күнөөлөп атат. Үчүнчү тарап келип-кеткен президенттерди, төртүнчү тарап ашынган динчилдерди ж.б. Бул катарда сырткы үчүнчү күчтөр, ошол эле Америка, Европа, Кытай да жок эместигин баса белгилешүүдө. Иши кылып, биздин чоң кемчилигибиз – өзүбүз “Кыргыз мамлекети үчүн пайдалуу эмне иш кылдым?” дебестен, баарын сырттан издеп атабыз. Негизи бул туура эмес. 

Динара Ошурахунова

-- Кыргызстан демократиялык өлкө болбой бараткансыйт, мизинен кайтып аткандай туюлат. Эгемендик алгандан бери өлкө башына келген ар бир президент бейөкмөт уюмдарга жабышып келген. Себеби, биз өлкөдө болуп аткан баардык көйгөй жараткан маселелерди коомчулукка көтөрүп чыгабыз – бул биринчиси. Экинчиси, ал маселелер эмнеликтен пайда болуп, эмнеликтен чечилбей атканын ачык айтып, “башаты коррупция” дей берип, ошондон улам коррупцияга каршы чыккан, сүйлөгөн адамдарды эмне кыларын билбей, аргасыздан бейөкмөт уюмдарды, жарандык активисттердин баарын каралап аткандары ушундан да. Ошол эле учурда биздин коомдогу билими жетишсиз аз катмар каралаган пропагандага көңүл буруп, ишенип, коррупционерлерди бурчка такагандын ордуна бейөкмөт уюмдарына асылып атышат. Булар мамлекеттин акчасын уурдаган, өздөрүнө жыргал жашоо шарттап, байып, а карапайым элди ойлоп коюшкан жок. Анан ошол суроону көтөрүп аткан бейөкмөт уюмдар, активисттер жаман экен, ууруларга эч ким тийишпеш керек экен. Биздин өлкө ушундай өлкөгө айланып баратабыз...

Төлөйкан Исмаилова

-- Бул чабуул өлкөбүз эгемен алган алгачкы жылдардан, Акаевдин мезгилинен башталган. Анткени, мамлекеттик эмес уюмдар алтын кенине байланыштуу коррупцияга жана куугунтуктарга каршы турган. Келечектеги көйгөйлөрдү,   тоскоолдуктарды айтып, таза шайлоолорду талап кылганбыз, азыр да талап кылып келебиз. Бейөкмөт уюмдарга, жарандык активисттерге коррупцияга малынган, күч же акча менен саясатка келебиз дегендер дайыма каршы чабуул жасап келишет. Азыр да каралап аткандары жок эмес. Бийлик бутактарына отуруп алып, жөн койсо алар элди басып алып, үнсүз жана караңгы кылышып, билим бербей кул кылгысы келишет өңдүү. Ушуга кошул-ташыл сабатсыз саясатчылар эркиндикти жана өнүгүү прогресстерин көзөмөлдөөгө ашыгышат окшойт. Мындай куугунтуктоо жана кемсинтүү – Конституцияны бузуу болуп эсептелет. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер