Казактар домбурасын көкөлөттү, кыргыздар комузун пирс кылды
Байыртан кыргыз эли комузду аздектеп, боз үйдүн төрүнө коюп, жогору илген. А азыр эмне болуп жатабыз? Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” маданий комплексинин жээгине комуздун көрүнүшүнөн пирс жасатып, тебелетип салдык го? Бул өтө кечиримсиз окуя катары калмакчы. Улуттук идеологияны, тарыхыбызды билгендер мындай курулушка жол беришмек эмес. Айтор, тескери, жаман жышаан катары эл арасында бааланууда. Алыс барбай эле мисал келтирели, береги сүрөттө көрүнүп тургандай, коңшу казактар домбурасын жогору баалашып, обочо жерге жасатып, асман кайкыта архитектуралык чеберчилик менен орнотуп коюшуптур. Өнөрдү, улуттук аспапты мына ушундай аздектейт. “Сууну да сиңген жерге куй” демекчи, андан аркысын жазганда деле “көңдөй баштарга” кирмек беле? Маданият министрлиги, тийешелүү жетекчилер эртеби-кечпи жоопкерчиликке тартылса керек...
"Азия Ньюс" гезити